Депутат: өкмөт Кытайдагы этникалык кыргыздар тууралуу маалымат берсин

© Фото / Пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү коомдо "парламент этникалык кыргыздардын кыйноого кабылышы боюнча өз пикирин айтпай жатат" деген маалымат тарап жатканын билдирди.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында Кытайдагы этникалык кыргыздарга өкүмзорлук болуп жатканы боюнча тараган кабарлардан улам өкмөттөн маалымат угууну сунуштады.

"Кытайдагы кыргыздар тууралуу өкмөткө тапшырма берсек, бизге маалымат беришсин. Тышкы иштер министрлиги да маалымат берип койсо, анткени коомдо парламент үн катпай жатат деген пикирлер айтылууда", — деди Тиллаев.

Ал эми депутат Исхак Масалиев бул жерде Кыргызстандын жарандары эмес, кытай жарандары тууралуу сөз болуп жатканын айтып, ар бир нерсени атынан атоону билдирди.

Түркияда мукураган кыргыздардын ата-энеси Миграция кызматынын эшигин какты. Видео - Sputnik Кыргызстан
Түркияда мукураган кыргыздардын ата-энеси Миграция кызматынын эшигин какты. Видео
"Кытайда биздин жарандар деп жатабыз, ал биздин жарандар эмес, кыргыз улутундагы кытайдын жарандары. Жыйын бүткөнгө чейин Тышкы иштер министрлиги маалымат берсин. Ошол жетиштүү болот. Анан биздин жарандар деп айтпашыбыз керек, ал туура эмес", — деди Масалиев.

Эл өкүлү Тиллаев: "Бири-бирибиздин сөзгө комментарий бербесек, кыргыз болгондон кийин биздин жаран болбогондо кимдин жараны? Бизден кеткен этникалык туугандар", — деген пикирин айтты.

Андан сырткары, саясат кылбай эле маалыматты угуп коюуга чакырды.

Дүйнөлүк бир катар ЖМКлар учурда Кытайдагы атайын "саясий тарбиялоочу борборлордо" мусулмандарга карата зордук-зомбулук болуп жатканын айтышууда. Алардын арасында уйгурлар, этникалык казактар менен кыргыздар дагы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0