Врач. Архивдик сүрөт

Аалиев: инфекциялык ооруканада орун жок, үч бала реанимацияда

152
(жаңыланган 12:47 28.11.2018)
Өлкөнүн жугуштуу оорулар боюнча башкы дарыгери учурда сасык тумоо катуу жүрүп жатканын эскертет.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Учурда Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасы күчөтүлгөн режимде иштеп, 500гө чукул адамды дарылап жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына аталган оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.

Бул ооруканага дем алыш күндөрү 676 адам кайрылып, 220сы жаткырылса, дүйшөмбү күнү 351 бейтап жардам сураган. Алардын 105и стационардык дарылоого муктаж болду.

"Азыр ОРВИ катуу жүрүп жатат. Биз дарылап жаткандардын көпчүлүгү жаш балдар. Ичинен үчөө оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Негизи ооруканабыз 400 орунга ылайыкталган. Бирок учурда 468 адам дарыланууда. Ошондуктар коридорго дагы керебеттер коюлуп, эркин баса албайсың", — деди башкы дарыгер.

Мындан тышкары, Аалиев абалы анча оор эместерге өздөрүнүн үй-бүлөлүк дарыгерлерине кайрылуу сунушталганын айтты.

"Кезекте отургандарды карасаң, тамагым ооруй баштады, чүчкүрүп жатам дегендер бар. Мен аларды түшүнөм, өз ден соолугуна кам көрүп жатышат. Анүстүнө биз бейтаптын жашаган аймагына карабай баарына жардам көрөтөбүз. Бирок ушул тапта тез жардам унаасы менен келген, дене табы өтө жогору же бир жашка чейинки балдарга артыкчылык берип жатабыз. Андыктан түшүнүү менен кабыл алууну суранам", — деди доктур.

Маалыматка караганда, орундун тартыштыгынан аталган оорукананын жанында жайгашкан Республикалык тери-венерология диспансерине кошумча 35 керебет коюлуп, ал жакка сарык менен жабыркагандар көчүрүлгөн.

Ал эми дары-дармек жагынан санааркай турчу жагдай түзүлгөн жок. Жыл сайын эле мындай абал болорун билген дарыгерлер күз айларынын башында эле керектүү каражаттарды даярдап аларын айтышты.

152
Белгилер:
грипп, абал, оорукана, Гүлжигит Аалиев, Бишкек
Тема боюнча
Окумуштуулар астма менен толуп кетүүнүн байланышын айтышты
Оорумду укса апамдын көзү көрбөй калат. Ракка чалдыккан беш аялдын тагдыры
Дем алыш күндөгү узак уйкунун зыяндуу жактары айтылды