Бишкек: мектеп окуучулары жетим балдар үйүнө барып белек тартуулашты

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүПраздник "Солнечный круг" для детей психоневрологической больницы
Праздник Солнечный круг для детей психоневрологической больницы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэрия муну менен окуучуларды боорукердикке, кайрымдуулукка тарбиялоо максатын көздөгөн.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Борбор калаадагы №24 мектеп-гимназиянын окуучулары ата-энелери жана класс жетекчилери менен биргеликте Бишкектеги жетим балдар үйүнө барып, алар менен жолугуп кайтты. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Иш-чараны демилгелеп жана уюштурган мэрия муну менен окуучуларды боорукердикке, кайрымдуулукка тарбиялоо максаты көздөлгөндүгүн айтты.

Ведущий специалист Минобрнауки Гульшан Абдылдаева - Sputnik Кыргызстан
Радио
Абдылдаева: сабакка барбай жүргөн 1500 баланы окууга тарттык
Борбор калаанын Туңгуч кичирайонунда жайгашкан жетим балдар үйүнө №24 мектеп-гимназиянын 6-классынын окуучулары барып, ал жайдын тарбиялануучулары менен жолугуп, сүйлөшүп, ойноп кайткан.

Ата-энелер балдарга момпосуйларды, китептерди, оюнчуктарды ала барганы айтылды.

Ал эми жолугушуунун соңунда окуучулар алган таасирлери тууралуу ой бөлүшүп, толеранттуулук багынын сүрөтүн тартып, ага каалоо-тилектерди жазышкан.

Балдарды тарбиялоо, эрте курактан баштап эле IT технологияларына тартуу боюнча буга чейин да Sputnik маалымат жарыялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0