Министр Айдарбеков Кытайга каттаган айдоочулар менен жолукту

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаКандидат на пост главы МИД КР Чынгыз Айдарбеков
Кандидат на пост главы МИД КР Чынгыз Айдарбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министр жакынкы аралыкта тиешелүү министрлик менен биргеликте, айдоочулардын катышуусунда жыйын өткөрүүнү сунуштады.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кытайга каттаган ири жүк ташуучу унаа айдоочуларынын тобун — КР жарандарын кабыл алды. Бул туурасында аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жолугушууда айдоочулар акыркы мезгилдерде Кытай визасын алуу маселеси татаалдашып баратканын айтып, абалды түшүндүрүп, пикирлерин ортого салган.

"Министр айдоочулардын көйгөйүн угуп, маселени комплекстүү кароо зарылдыгын белгиледи. Ал жакынкы аралыкта тиешелүү министрлик менен биргеликте, айдоочулардын катышуусунда жыйын өткөрүүнү сунуштады", — деп айтылат маалыматта.

Айдарбеков муну менен катар эле айдоочулар көтөргөн маселени мыйзам чегинде карап, сунуш киргизүү тапшырмасын министрликтин тиешелүү бөлүмдөрүнө тапшыргандыгы кабарланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0