Устукансыз той өткөрөйүн деген жерим жок! Мирбек Атабековдун жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековМероприятия, посвященные седьмой годовщине Апрельской революции 2010 года в Бишкеке
Мероприятия, посвященные седьмой годовщине Апрельской революции 2010 года в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармак Мирбек Атабековдун устукан тартпай өткөргөн тоюн кызуу талкууга алып жатат. Көптөр муну жакшы үлгү катары сыпатташууда. Бирок ырчы Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы менен баарлашып жатып тойлордо устукан тартууга каршы эместигин, кийинки жакшылыктарында устукан тартарын билдирди.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын интернет айдыңында Мирбек Атабековдун устукан тартпай өткөргөн тою талкууланып жатат.

Атабеков 27-ноябрда кызы Ыймандын бешик тоюн жана уулу Адамга сүннөт той өткөргөн. Социалдык тармактын айрым колдонуучулары Атабеков элге жакшы үлгү болгонун жазышууда.

Анткен менен айрымдар той дүңгүрөп эле өткөнүн айтып чыгышты.

"Ашыкча чыгымга бөгөт коюу деген идея канчалык акталды? Жылкынын баасына торт алып, дасторконду укмуш жасашыптыр. Бул жерде устуканга кетпеген каражат, башкасына сарпталган", — деп Аида Амангелди Twitter баракчасына жазды. 

© © TwitterПост Aida Amangeldi ‏в Twitter
Пост Aida Amangeldi ‏в Twitter - Sputnik Кыргызстан
Пост Aida Amangeldi ‏в Twitter

Мирбек Атабеков өзү эмне деди?

Ырчы Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы менен баарлашып жатып, мындан ары да устукан тартпайм деп айтпаганын белгиледи. Бул өткөргөн тою балдарга арналгандыктан гана устукан тартылган жок деп түшүндүрдү.

"Эгер үлпөт той же юбилей болгондо сөзсүз түрдө устукан тартылмак. Бирок бул балдардын майрамы болгондуктан жылкы союу зарылдыгы болгон жок. Андан көрө ал каражатты муктаждарга бергеним жакшы. Негизи өзүм устукан тартуу керек деп ойлойм, анын өзүнүн философиясы бар — устуканга жараша адамдын статусун билүүгө болот. Бирок майда майрамдарга устукан тартуунун кажети жок деп эсептейм", — деди Атабеков.

Ырчы тойдо кой союлуп, аксакалдар чакырылып салт сакталганын билдирди. Ошондой эле эч кимди андан үлгү алууга чакырбай турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0