Бишкектеги эки конушка канализация киргизилет

© Sputnik / Игорь Маслов / Медиабанкка өтүүСтроительство жилых домов в Донецке
Строительство жилых домов в Донецке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муниципалдык администрациянын жетекчисинин орун басары жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, канализация маселесин талкуулады.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Бишкек мэрия Аламүдүн районунун администрациясы менен биргеликте Бакай-Ата жана Кыргызстан конуштарына канализация киргизет. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, Свердлов менен Аламүдүн райондук администрациясы эки чектеш конушка канализация киргизүү маселесин козгоп, талкуулашкан.

"Муниципалдык администрациянын жетекчисинин орун басары Рустам Касымбеков Аламүдүн районунун өкүлү менен биргеликте Бакай-Ата жана Кыргызстан конуштарынын тургундары менен жолугуп канализация маселесин талкуулашты", — деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки конушка канализация киргизүү иштерин биргеликте аткаруу чечими кабыл алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0