Карда калган учактар. Архивдик сүрөт

"Манас" эл аралык аэропорту убактылуу жабылды. Себеби айтылды

3827
(жаңыланган 12:33 01.12.2018)
Учуп-конуулар 30-ноябрда саат 21:00дө токтотулду.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропорту убактылуу жабылганын мекеменин маалымат катчысы Алия Курбанова билдирди.

Анын айтымында, учуп-конуулар 30-ноябрда саат 21:00дө токтотулуп, бул чектөө түнкү саат 12:00гө чейин уланышы мүмкүн.

Эске салсак, бүгүн кечинде Бишкек шаарында катуу кар жаады. Ага чейин ӨКМ катуу шамал болорун эскерткен.

3827
Белгилер:
аэропорт, кар, аба ырайы, Бишкек
Тема боюнча
Катуу шамал болот! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты
Ишембиге карата аба ырайы
Пикирлер