Мана эпосу. Архивдик сүрөт

Бишкекте "Манас" эпосу тууралуу китептердин көргөзмөсү өтөт

43
(жаңыланган 17:37 01.12.2018)
Көргөзмөгө Манаска, Семетейге жана Сейтекке байланыштуу 1940-жылдан бери жарык көргөн 110 китеп коюлат.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. 3-декабрь күнү Бишкек шаарында "Манас — дүйнөлүк маданияттын улуу мурасы" аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу иш-чараны уюштуруп жаткан Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканадан билдиришти.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун энциклопедиясы. Архивдик сүрөт
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Көргөзмөгө Манаска, Семетейге жана Сейтекке байланыштуу 1940-жылдан бери жарык көргөн 110 китеп жайгаштырылат. Ошондой эле эпостун кара сөз менен жазган көптөгөн авторлордун эмгектерин, чет тилдерге которулуп жарык көргөн китептерди да көрүүгө болот.

Көргөзмөнү ачуу иш-чарасына жазуучулар, окумуштуулар, манас таануучулар, манасчылар, студенттер жана ЖМК өкүлдөрү катышмакчы.

Эске салсак, "Манас" эпосунун библиографиялык башаты 1849-жылдан башталып, ушул кезге чейин 3 миңден ашык аталыштагы ар түркүн басылмаларды, макалаларды жана изилдөөлөрдү камтыган.

43
Белгилер:
Манас эпосу, китеп, көргөзмө, Бишкек
Тема боюнча
Төрөкулунун бейитин таппай... Нагима Айтматова тууралуу 15 факты
Бишкекте азиздерге жардам берүү үчүн сүрөт көргөзмө өтөт
Пикирлер