Жөнөкөй малчынын идеясын автоинспекторлор улап кетти

© © SputnikМеры для сокращения числа ДТП в ночное время в селах Ак-Сууйского района
Меры для сокращения числа ДТП в ночное время в селах Ак-Сууйского района - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл Ысык-Көлдө малды койдуруп кеткен 33 окуя катталып, анын кесепетинен алты адам жаракат алган.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери автокырсыктарынын алдын алуу максатында түнкүсүн жарыкты чагылдыруучу тасмаларды байлап жатат.

Бул иш-чара райондун борбору болгон Теплоключенко айылында башталды. 

© © SputnikМеры для сокращения числа ДТП в ночное время в селах Ак-Сууйского района
Меры для сокращения числа ДТП в ночное время в селах Ак-Сууйского района - Sputnik Кыргызстан
Меры для сокращения числа ДТП в ночное время в селах Ак-Сууйского района

"Элеттиктер талаага кароосуз кое берген бодо мал, жылкылар жол четине чыгып кетип, аларды автоунаа уруп кеткен учурлар кездешүүдө. Быйыл ушундай мүнөздөгү төрт кырсык Ак-Суу районунда катталды. Андыктан, малга жок дегенде караңгыда жарыкты чагылдырган тасма тагуу менен бул кырдаалдан чыгалы деп жатабыз",— деп айтышкан Ак-Суу райондук ЖКККнын кызматкерлери.

Таш-Көмүрдө КамАЗ 9 жылкыны коюп кетти. Кырсыктан кийинки видео - Sputnik Кыргызстан
Таш-Көмүрдө КамАЗ 9 жылкыны коюп кетти. Кырсыктан кийинки видео
Алардын билдиришинче, тасмалар аталган кызматтын жана айыл өкмөттөрдүн каражатына алынды.

Эске сала кетсек, бул идея Ысык-Көл облусунун Тоң районунун тургуну өзүнүн жылкыларына жарыкты чагылдырган тасмаларды тагып, аны видеого тартып, Whatsapp тиркемесине жайгаштыргандан кийин башталган. Бул ишти алгач Тоң районундагы автоинспекторлор колго алган.

2018-жылдын 10 айында Ысык-Көлдө малды койдуруп кеткен 33 окуя катталып, анын кесепетинен алты адам жаракат алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0