Аалымдар кеңеши Кыргызстанды түрө кыдырып жүрөт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков совершил намаз по случаю Курман айта
Президент Сооронбай Жээнбеков совершил намаз по случаю Курман айта - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элден алынган маалыматтар, динге байланыштуу көйгөйлөр жалпы жыйында каралмакчы.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин жалпы курамы 2018-жылдын 30-ноябрынан 7-декабрына чейин өлкөнүн район-облустарын кыдырат. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, сапар Оштон башталган. Аларды өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев кабыл алып, мындай жолугушуулар кеңештин иш планына ылайык жүргүзүлүп жатканына токтолду.

"Коомчулук арасында айтылган динге байланыштуу бардык көйгөйлөр 12-декабрь күнү Аалымдар кеңешинин жалпы жыйынында каралат. Талуу суроолорду жер-жерлерде эл менен жолугушуп чогултабыз", — деди кеңештин мүчөсү Кабылбек ажы Акматов.

Намаз окуп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ошто азан айтуу боюнча сынак өтөт
Өз кезегинде облус жетекчиси мындай демилге колдоого алынарын белгилеп, эл арасындагы аш-тойлордо жана маркумду акыркы сапарга узатуудагы ырксыз чыгымдарды жоюу, үй-бүлөлүк ажырашуулардын алдын алуу багытында дин өкүлдөрүнүн салымы ат көтөргүс экендин айтып өттү.

Мындан тышкары, облустун аймагынын чоңдугун эске алып, дин аалымдары менен жергиликтүү тургундардын жолугушуусун квартал сайын өткөрүп туруу сунушталды.

Кеңештин мүчөлөрүн Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев да кабыл алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0