Кыргыз күрөшү ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын тизмесине кириши мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековIII Всемирные игры кочевников. 4 день. Кыргыз курошу
III Всемирные игры кочевников. 4 день. Кыргыз курошу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2019-жылы тарыхта биринчи жолу кыргыз күрөшү боюнча Азия чемпиондугун өткөрүү пландаштырылууда.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Кыргыз күрөшүн ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине каттатууга жасалган аракеттер боюнча маалымат Жогорку Кеңештин төрагасы Кыргыз күрөшү федерациясынын өкүлдөрүн кабыл алганда айтылды. Бул туурасында парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргызстанский борец греко-римского стиля Жоламан Шаршенбеков во время схватки за золото со спортсменом из Азербайджана Алдани Азизлини в Будапеште - Sputnik Кыргызстан
Жаштык кылып койдум... Балбан Жоламан Шаршенбеков менен эксклюзивдүү маек
Спикер Дастан Жумабеков Кыргыз күрөшү федерациясынын президенти Рыскелди Шамиев жана аталган уюмдун башкы машыктыруучусу Туратбек Тойчубековду кабыл алып, жолугушууда аталган тармактагы маселелер сүйлөшүлгөн.

Шамиев 2019-жылы тарыхта биринчи жолу кыргыз күрөшү боюнча Азия чемпиондугун өткөрүү пландаштырылып жатканын айтып, Жумабековдон мындай олуттуу мелдешти өткөрүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн.

Талкууда спикер чемпионатын өткөрүүгө ар тараптан колдоо көрсөтөрүн айтты.

Sputnik Кыргызстан кыргыз күрөшү жана балбандардын кармашуу эрежелери туурасында кеңири материал даярдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0