Бишкекти жаңы жылга карата кооздоого канча каражат сарпталаары айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековНовогоднее оформление Бишкека
Новогоднее оформление Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыркыга салыштырмалуу чыгымдар быйыл азайтылат.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Бишкек мэриясы шаардын жаңы жылдык жасалгасына сарптала турган каражаттын суммасын алдын ала жар салды. Маалыматка караганда, калаа кооздугуна 6,5 миллион сом коротуу пландалып жатат.

Главная новогодняя елка в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жаңы жылда кыргызстандыктар 4 күн катары менен эс алат
Бул тууралуу мэрияда жума сайын өткөрүлчү чогулушта белгилүү болду.

Калаа башчысы Азиз Суракматов шаардын жасалгасына былтыр канча каражат сарпталганына кызыккан. Жыйындагылар бир гана "Бишкексвет" муниципалдык ишканасы 15 миллиондон ашык сом, жалпысынан 17 миллион сом кеткенин айтышты.

Быйыл 6,5 миллион сом сарптоо пландалып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0