Абак. Архив

Терек-Сайда кармалган 15 тургундун баш коргоо чарасы тандалды

268
(жаңыланган 13:03 05.12.2018)
Кармалгандардын баш коргоо чарасын Жалал-Абад шаардык соту карады.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Чаткал районунун Терек-Сай айылынын 15 тургуну атайын даярдыктагы отряддын үч аскерин сабады деп кармалгандардын баш коргоо чарасы тандалды. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.

Билдирмеге караганда, 4-декабрь күнү Жалал-Абад шаардык соту Терек-Сай айылынын алты тургунун эки айга, тогузун бир айга тергөө абагында кармоо чечимин чыгарган.

Эске салсак, "Эти Бакыр Терексай" ишканасын кайтарып турган атайын даярдыктагы отряддын өкүлдөрү 5-ноябрда малын айдап келүүгө барган кишини сабап салышканы айтылган. Ачууланган айылдыктар чогулуп барып жаңжалдашкан. Арадан 27 күн өткөндөн кийин милиция кызматкерлери окуяга катышкан 15 кишини кармап кеткен. Буга нааразы болгон ата-энелер жана балдардын айылдаштары аларды бошотууну талап кылып митингге чыгышкан.

Кармалгандарга карата Кылмыш-жаза кодексинин 234 ("Бейбаштык") жана 341 ("Бийлик өкүлдөрүнө күч колдонуу") беренелери боюнча иш козголгон болчу.

268
Белгилер:
митинг, Жалал-Абад облусу
Тема боюнча
Балдары кармалган чаткалдыктар бийликке 4 талап коюп кайра митингге чыгышты
Чаткалда милициянын эки кызматкерин сабады делген жергиликтүү 15 тургун кармалды
Пикирлер