Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кадыржан Батыров. Архив

Чет өлкөдө жүргөн Кадыржан Батыров каза болду

2726
(жаңыланган 12:04 05.12.2018)
Батыров 2010-жылы өлкөнүн түштүгүндө июнь окуясына тиешеси бар делип сыртынан соттолуп, өмүрүнүн акырына чейин кесилген.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылып издөөдө жүргөн Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кадыржан Батыров 62 жашында Одессада каза болду. Бул маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине анын жакындары тастыктады. 

Эмнеден улам көз жумганы белгисиз. Сөөгү кайсы жерге качан коюлары азырынча айтыла элек. 

Кадыржан Батыров 1956-жылы 9-мартта Жалал-Абадда туулган. Кыргызстандагы өзбек коомчулугунун лидери болгон. Батыров улут аралык араздашууну козутуп, 2010-жылкы Ош коогалаңын уюштурууга катыштыгы бар деп өмүр бою эркинен ажыратылган.

Ачык маалыматтарга караганда, Батыров Швециядан саясий башпаанек алган. 

2726
Белгилер:
депутат, өлүм, Кадыржан Батыров
Тема боюнча
ПАСЕде сүйлөгөн Нышанов: Батыровду КР эле эмес, Россия менен Өзбекстан да издөөдө
Мамытов Бакиевдин башкаруусуна каршы чыгып ким ишин таштаганын айтты
Пикирлер