Адам өмүрү 300 миң сомго бааланды. ОСАГО тарифинин долбоору

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүОСАГО. Архив
ОСАГО. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ОСАГО боюнча мыйзам 2019-жылдын 7-февралында ишке кириши керек. Аны аткарууга ар бир айдоочу милдеттүү.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы унаа ээлерин жарандык камсыздандырууга сөзсүз милдеттендирүү (ОСАГО) боюнча тарифтерди иштеп чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

ОСАГО боюнча мыйзам 2019-жылдын 7-февралында ишке кириши керек. Аталган мыйзам долбоору жол кырсыктарынан жабыркагандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоого чакырат.

Город Исфана в Лейлекском районе Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Базардагы соода түйүндөрүн өрттөн камсыздандыруу сунушталды. Мыйзам долбоору
Аталган кызматтан билдиришкендей, камсыздандыруу суммасы (компенсация) жабырлануучунун дарылануусуна, материалдык чыгымдын ордун толтурууга же адам каза болуп калган учурда сөөгүн жерге берүүгө сарпталган каражатты жабышы керек.

Ведомствонун маалыматына караганда, Россияда жол кырсыгынан жабыркагандар 12,8 айлыгын ала алат. Бул көрсөткүч Казакстанда 15,2ге жетет. Ал эми Кыргызстанда орточо айлыктын 20,1 көлөмү көрсөтүлүп жатат.

Кыргыз өкмөтүнүн токтомуна ылайык, жол кырсыгына кабылгандар үчүн төлөнчү компенсациянын өлчөмү төмөнкүдөй:

  • жабырлануучу көз жумса — 300 миң сом;
  • жабырлануучу майып болуп калса — 100 миңден 200 миң сомго чейин;
  • майыптык болбосо дагы ден соолукка катуу залакасын тийгизсе — дары-дармегине 100 миң сомго чейин;
  • мүлккө зыян келтирилсе — ар бир адамга 150 миң сомго чейин, бардыгына биригип 450 миң сомдон ашпашы керек.
  • Бир жылга базалык төлөм катары — 1 680 сом сунушталууда. Бирок бул сумма айдоочунун тажрыйбасына, курагына, унаанын түрүнө жана жол кырсыктарынын санына жараша өзгөрүп кетиши мүмкүн.
Жаңылыктар түрмөгү
0