Оштогу окуучу кыз сабалган видео. Милиционерлер жазага тартылды

Жазылуу
Өспүрүмдөрдүн мушташы боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 234-беренеси ("Бейбаштык") менен иш козголду.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Ошто окуучу кызды өзүнүн теңтушу сабап жаткан видео тарап, коомдо катуу талкуу жараткандан кийин облус милициясынын коомдук тартип кызматынын бир нече кызматкери дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев Ошто көчмө жыйын өткөрүп, өспүрүмдөргө тиешелүү мындай окуялардын алдын алуу үчүн ишти күчөтүү керектигин айтты.

Сексуальное насилие в Маниле - Sputnik Кыргызстан
Карындашынын жылаңач сүрөтүн интернеттен көрүп... Ноябрдагы чуулуу окуялар
Окуя 21-ноябрь күнү болгон. Анда Ош облусундагы мектептердин биринде 11-класста окуган кыз жабыркаган. Ал эми сабады деп шектелген 16 жаштагы кыз Кара-Суу районунун мурда эки ирет соттолгон (уурулук жана бейбаштык боюнча) тургуну экени белгилүү болгон.

Учурда райондук милиция уурулук фактысы боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Ошондой эле кызды апасы жалгыз тарбиялаганы жана ал эч жерде окубай турганы белгилүү.

Алдын ала маалыматтарга караганда, өспүрүм кыздар социалдык тармак аркылуу 18-ноябрь күнү айтыша кеткен. Кийин "маселени" жолугуп чечүү үчүн сейил бакка барышкан. Экөө ал жерден мушташа кетип, окуяны видеого тартып алган күбө аны ошол эле күнү досторуна таратып жиберген.

Аталган факты боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 234-беренеси ("Бейбаштык") менен иш козголду. Бирок милициядан тараптар бири-бирине карата арыз жазбай жатышканын билдиришти.

4-декабрь күнү социалдык тармакта бир өспүрүм кыз экинчисин сабап жаткан дагы бир видео тараган. Милициядан бул ошол эле окуя экенин, бирок кадрларда мушташтын башталышы көрсөтүлгөнүн айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0