Башкы прокуратура байлыгын жашырган дипломаттар менен прокурорлорду аныктады

© Sputnik / Жоомарт УраимовСалык декларациясы. Архив
Салык декларациясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы прокуратура мамлекеттик кызматкерлердин тапшырган декларациясын текшерди. Анын жыйынтыгында байлыгын жашыргандар аныкталган.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Тышкы иштер министрлигинде иштеген бир катар кызматкерлер байлыгын жашырып койгону аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, көзөмөл органы "Киреше, чыгаша жана мүлк боюнча декларация тапшыруу" жөнүндөгү мыйзамдын аткарылышын Салык кызматынан алынган маалыматтардын негизинде текшерген.

Анын жыйынтыгында Тышкы иштер министрлигинин бир катар кызматкерлери тарабынан мыйзам бузуу аныкталган. Алар:

— Стамбул шаарынын башкы конусулу;

— Стамбул шаарынын вице-консулу;

— Кыргызстандын БАЭдеги элчилигинин кеңешчиси;

— БАЭдеги элчиликтин үчүнчү катчысы;

— БАЭдеги элчиликтин башкы адиси;

— Ирандагы элчиликтин кеңешчиси;

— Германиядагы элчиликтин кеңешчиси;

— Консулдук кызмат департаментинин үчүнчү катчысы;

— Кыргызстандын башкы консулдугунун Екатеринбургдагы консулу.

Аныкталган мыйзам бузууларды жокко чыгаруу жана күнөөкөрлөрдү жоопкерчиликке тартуу максатында Башкы прокуратура ТИМге сунуштама жөнөттү.

Ал эми Административдик кодекстин 400-3-беренесинин 2-бөлүмү боюнча төмөнкү кызматтагы адамдар жоопкерчиликке тартылды:

— Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы;

— Баткен шаарынын мэри;

— Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясынын мурдагы жетекчиси;

— БШКнын Баткендеги мурдагы атайын өкүлү;

— БШКнын Ак-Суудагы атайын өкүлү;

— БШКнын Ноокаттагы атайын өкүлү;

— БШКнын Таш-Көмүрдөгү атайын өкүлү.

Мындан сырткары, башкы прокурордун буйругу менен Прокуратуранын төмөнкү кызматкерлери дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды:

— Медеркулов У.Т. — Бишкек прокуратурасынын коррупция менен күрөшүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн начальниги;

— Жапаркулов У.А. — Бишкек шаарынын Ленин райондук прокурорунун жардамчысы;

— Алимов К.М. — Чүй облусундагы Чүй районунун прокурору;

— Алимбаев Ж.М. — Чүй облустук прокуратурасынын адиси;

— Жумалиева З.А. — Чүй облусунун Чүй районундагы прокуратуранын адиси;

— Осмонов У.С. — Ысык-Көл облусундагы прокурордун ага жардамчысы;

— Айтбаев К.А. — Ысык-Көл облустук прокуратурасынын кылмыш жана сот өндүрүш бөлүмүнүн ага прокурору;

— Урдалетова Э.Б. — Ысык-Көл облусундагы Түп районунун прокурору;

— Адылбеков И.Т. — Ысык-Көл облусунун Түп районунун прокурорунун орун басары;

— Токторбаев А.А. — Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын прокурорунун ага жардамчысы;

— Бектурсунова А.Б. — Ысык-Көл облусундагы Түп районунун прокуратурасынын адиси;

— Каримов А.К. — Жалал-Абад облусундагы Ноокен районунун прокурору;

— Заиров Ж.М. — Талас облусунун Манас районунун прокурору;

— Сооромбаев М.Д. — Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын прокурору;

— Увалиев А.К. — Башкы прокуратуранын жарандарды кабыл алуу жана документ жүгүртүү бөлүмүнүн башкы адиси.

Жаңылыктар түрмөгү
0