Кыргызстандын Бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Адамкул Жунусов. Архив

Финпол: Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусов Бакудан кармалды

1050
(жаңыланган 11:55 06.12.2018)
Жунусовдун мыйзамсыз аракеттеринен улам мамлекетке 166 миллион 971 миң 821,25 сом зыян келтирилгени айтылган.

Бишкек, 5-дек. — Sputnik. Бакудагы Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропорттон Кыргызстандын Бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Адамкул Жунусов кармалды. Бул тууралуу Sputnik Азербайжан жазып чыкты.

Аткаминердин Бакудан кармалганын Кыргызстандын Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан да тастыкташты.

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Адамкул Жунусов Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси боюнча кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып, издөөгө алынган.

Жунусов 2013-жылдан 2016-жылга чейин Бажы кызматынын төрагасы болуп турган учурда "А" ЖЧКсы жана Бажы кызматынын айрым өкүлдөрү менен сүйлөшүп коррупциялык аракеттерге барган деп айыпталууда. Жунусовдун мыйзамсыз аракеттеринен улам мамлекетке 166 миллион 971 миң 821,25 сом зыян келтирилгени айтылган.

Адамкул Жунусовдун эмне байлыгы бар экенин Sputnik агенттигинин материалынан окуңуздар.

1050
Белгилер:
Мамлекеттик бажы кызматы, Адамкул Жунусов
Тема боюнча
Мурдагы бажычы Адамкул Жунусовдун эмне байлыгы бар
Бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Адамкул Жунусов издөөгө алынды
Пикирлер