Үч баланын энеси, көзү азиз Чынара: кезегим келген менен үй ала албай жүрөм

Жазылуу
34 жаштагы Чынара Заитова эки көзү тең тубаса көрбөйт. Турмушка чыгып үч баланын энеси болгон. Бирок күйөөсү менен учурда жашабайт, жалгыз бой. Ага карабай балдарын канаттууга кактырбай багат экен.

"10 жылдан бери кезекте турам, азыр экинчи болуп турам, бирок үй ала албай койдум" деген азиз келиндин турмушу менен Sputnik Кыргызстан агенттиги таанышып келди.

"Мени аяп же эмнеге майып болуп туруп үчтү төрөп алды деп жектебегиле" деп сөз баштады Чынара Заитова. 34 жаштагы келин 10 жылдан бери үйгө кезек күтүп, акыры ЖМК аркылуу жардам сурап жатканын жар салды.

"Дүлөйлөр жана азиздер коомунда 10 жылдан бери үй алууга кезекте турам. Азыр экинчимин, бирок үй салына элек деп улам жылып калып жатам. Качан тиери белгисиз. Мага окшоп көзү көрбөгөн энеге батирден батирге көчүп-конуу кыйын экен. Эртерээк өз үйүбүз болуп калса, жакшы болот эле", — деди Заитова.

Майып келиндин жардам бере турган туугандары деле жок экен. Ата-энеси кичине кезинде эле ажырашып кеткен. Бирок ал "үч баланы жалгыз багып жатам деп бирөөгө доомат артып же жардам сурагым келбейт" дейт.

Эки балалуу болгондон кийин күйөөм таштап кетти... Майып келиндин арманы - Sputnik Кыргызстан
Эки балалуу болгондон кийин күйөөм таштап кетти... Майып келиндин арманы
"Силердин макала элге жарыяланса, айрымдары "көзү көрбөсө эмнеге үчтү төрөдү" деп жаман көрүп, жемелеши мүмкүн. Бирок мен балдарды өзүм үчүн төрөдүм. Алар менин жашоом! Балдарымды "каралашкыла" же "багышкыла" деп эч кимден деле жардам сурагым келбейт. Болгону үй маселесин мамлекет эртерээк чечип берип койсо, калган жагынан эч кимге доомат артпайт элем", — деди Заитова.

Келин жолдошу тууралуу сөз кылгысы келген жок. Болгону "балдардын атасы майып эмес, анда-санда келип каралашып турат" деп жооп берди. Сүйлөшүп отуруп "Көзүңүз көрбөсө үч баланы жалгыз кантип чоңойттуңуз?"- деген суроону да узаттык.

"Көзү көрбөгөн адамдардын сезүү органдары жакшы иштейт. Баарын сезим-туюмум менен жасайм. Адамдарды бетинен көрүп тааный албасам да, чоң бир нерселерди болжолдоп билем. Анын үстүнө бизге окшогон адамдарга Кудай жардам кылат деген чын. Үчөөнү тең аман-эсен жарык дүйнөгө алып келип, кем кылбай багып чоңойтуп жатам. Жардам берген адамдар бар. Балдар менен өзүмдүн жөлөк пулумду кошкондо 7000 сомдун тегерегинде акча алам. Анымды кээде батирге төлөсөм, кээде тамак-ашыбызга жеткиребиз. Мурда көчөгө таяксыз чыга алчу эмесмин. Азыр уулум 6 жашка чыгып дайыма мени жетелеп жүрөт. Сыртка деле көп чыкпайм, бирок базарга барып калсам, эки кичинекейди үйгө камап кетүүгө аргасызмын", — деди азиз келин.

6 жашар Сайдулла апасынын колуна кол, бутуна бут. Бөбөктөрүн карашып, кол арага жарап калган. Келечек кыялдары да көп экен.

— Чоңойгондо ким болгуң келет?
— Милиция.

— Эмнеге?
— Апамды, бир туугандарымды коргойм. Анан акча таап, бизге окшогон үй-бүлөлөргө жардам бергим келет.

Бул Чынара Заитованын уулу 6 жашар Сайдулла менен болгон кыска диалог.

Азиз келин азыр эч жерде иштебейт, үч чүрпөсү менен жөлөк пулдун акчасына жан багат. Балдарын чоңойткондон кийин кесип үйрөнгүсү келерин жашырган жок.

Чынара Заитованын аты-жөнү "Азиздер жана дүлөйлөр" коомунун сайтында үйгө кезекке тургандардын экинчи катарында жазылган. Бирок коомдун төрагасы Марат Ташыбаевдин айтымында, үй алууга кезекте 149 киши турганы менен аларга жакынкы арада турак жай берилбейт. Башкача айтканда, майыптарга эч жерде үй курулган жок, качан салына турганы дагы белгисиз экен. 

Предприниматель с ОВЗ Мирбек Мураталиев - Sputnik Кыргызстан
8 жашында баспай калган Мирбек Мураталиев: компьютер оңдоп үй, унаа алдым
"Азырынча "Азиздер жана дүлөйлөр" коомунун мүчөлөрүнө үй салына элек, эч жерде курулуш иштери жүрбөй эле турат. Сыягы жер тилкеси, өкмөттүн ага каражаты жок окшойт. Ошондуктан жакын арада кезекке тургандар турак жайлуу боло алышпайт. Анын үстүнө 2008-жылы республикалык бюджеттен көрүүсү жана угуусу начар жарандар үчүн 225 батир курулуп, аны бөлүштүрүүдө нааразычылыктар жаралгандыктан азыр сот иштери жүрүп жатат. Азыр ал үйлөр арестте, соттук иштер качан бүтө турганы белгисиз. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, үйгө муктаж 182 миң майып адам болсо, анын кайсы топтогу майып экенине карабай бирине да буга чейин үй курулбаптыр. Бирок мүмкүнчүлүгү чектелгендердин укугу боюнча конвенция ратификацияланып калса, анда майыптарга турак жай салуу мүмкүнчүлүгү көбүрөөк болот. Учурда бул документти өкмөт карап жатат. Майыптарга, анын ичинде биздин коомдун мүчөлөрүнө мамлекет качан үй салып берери бүдөмүк", — деди Ташыбаев. 

Эске салсак, 2016-жылдын май айында "Азиздер жана дүлөйлөр" коомунун мүчөлөрү Ак үй алдына митингге чыгып, батирлерди бөлүштүрүүнүн мыйзамдуулугун текшерүүнү талап кылышкан. Алар майыптарга тийиштүү үйлөрдү алты саны аман эле кишилер, аттуу-баштуу адамдар алып алганын айтып чыгышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0