Жылуулук батареясы. Архив

Нарындагы көп кабаттуу үйлөр жылуулуксуз калды. Калаа бийлиги эмне дейт?

452
(жаңыланган 18:22 09.02.2019)
Нарын шаарынын тургундары 4-декабрдан бери жылуулук жок экенин айтышууда.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Нарын шаарынын Ленин көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөр 4-декабрдан бери жылуулуксуз калганын калаа тургундары Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиришти.

Алардын айтымында, жылуулук менен чогуу таза суу дагы токтоп калган.

Өзүн Нурзада деп тааныштырган тургун мындай нерсе биринчи эле жолу болуп жатпаганын белгиледи.

"4-декабрдан бери бизде жылуулук да, таза суу да жок. Калаа бийлиги "жылуулук болбойт", "таза суу өчөт" деп алдын ала айтышкан эмес. Сууну бүгүн түштөн кийин беришти. Үйдө кичинекей балдарым бар, бирөөсү ооруп жаткан. Дагы жакшы электр жарыгы бар, жылыткыч сайып жаныбыз калып жатат", — деди ал.

Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов 4-декабрда таза суунун эски түтүгү жарылып, атайын кызматтын бригадалары кайсы жери жарылганын издеп таап, учурда оңдоо бүткөнүн айтты.

Көмүр жүктөлгөн жүк ташуучу унаалар. Архив
© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Нарынской области
"Бүгүн кечке жуук таза суу менен жылуулук берилди. Буюрса жылуулук жакын арада жетет. Быйыл шаардын Шералиев көчөсүндөгү негизги 2,5 чакырым жердеги таза суу менен канализациянын түтүгү алмаштырылды. Эски түтүктөрдүн жанына жаңылары жаткырылган. Көп жылдан бери кыймылдабай жаткан түтүктөр топурак бошоп калгандыктан үстүнөн машина өтүп кетсе деле жарактан чыгып жатат. Шаардын Городок аймагы менен борбордук бөлүгүнө дал ушул оңдолгон трасса аркылуу таза суу менен жылуулук барат. Азыр жаңыларын салып жатабыз. Эми сууну дагы бир күн өчүрүп, жаңы түтүктөрдү салып алсак, кыштан жакшы чыгабыз", — деди ал.

Алымкулов көп кабаттуу үйлөрдөгү жылуулук суунун басымы жок болгондуктан берилбей калып жатканын белгиледи. Ал ошондой эле учурда Нарында күндүз 5 градуска чейин, күндүз 15 градуска дейре суук болуп жатканын кошумчалады.

Калаа башчысынын ырасташынча, жыл башынан бери жалпысынан 82 жолу суу түтүктөрү жарылса, жылуулук бериле баштагандан тарта 5-6 жолу авария болду.

452
Белгилер:
авария, жылуулук, Суу, Нарын шаары, Нарын облусу
Тема боюнча
Өкмөт: электр энергиясын кымбаттатуу боюнча маселе көтөрүлгөн жок
Президент Сооронбай Жээнбеков белоруссиялык кесиптеши Александр Лукашенко менен. Архивдик сүрөт

Жээнбеков Лукашенкону кайрадан президент болуп шайланышы менен куттуктады

23
(жаңыланган 17:26 10.08.2020)
Жээнбеков Александр Лукашенкого бекем ден соолук, ишине ийгилик, ал эми белорус элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков белоруссиялык кесиптеши Александр Лукашенкону кайрадан өлкө башчы болуп келиши менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

"Сиздин мол тажрыйбаңыз жана кесипкөйлүгүңүз мындан ары дагы элдин турмушун жакшыртып, мамлекеттин экономикалык жана саясий өсүп-өнүгүшүнө алып келет деп ишенем. Достукка жана ишенимге негизделген кыргыз-белорус мамилелери мындан ары дагы бекемделерине көзүм жетет", — деди Жээнбеков.

38 жашта. Лукашенкодон тизгин талашкан Тихановскаянын таржымалы

Жээнбеков Лукашенкого бекем ден соолук, ишине ийгилик, ал эми белорус элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

Эске салсак, кечээ Белоруссияда мамлекет башчыны тандашты. Анда Александр Лукашенко 80,23 пайыз менен атаандаштарын жеңип алды

23
Белгилер:
куттуктоо, жеңиш, шайлоо, Александр Лукашенко, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Лукашенко: митингге чыккандарды чет мамлекеттен туруп көзөмөлдөшкөн
Лукашенко Данияр Үсөновго окшош киши менен жолукту. Сүрөт
Даниил Урицкий деп атаган качкын өкмөт башчы Данияр Үсөнов. Архивдик сүрөт

Лукашенко Данияр Үсөновго окшош киши менен жолукту. Сүрөт

191
(жаңыланган 17:14 10.08.2020)
Кадрдан Урицкийге окшогон киши Лукашенкого жана анын айланасындагыларга таякча менен бир макетти түшүндүрүп жатканын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Өзүн Даниил Урицкий деп атаган качкын өкмөт башчы Данияр Үсөновго окшош кишинин Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко менен түшкөн сүрөтү чыкты.

Сүрөт президенттин сайты менен РИА Новостиге жарыяланган. Анда Урицкийге окшогон киши Лукашенкого жана анын айланасындагы кишилерге таякча менен бир макетти көрсөтүп түшүндүрүп жатканын көрүүгө болот. 

Мужчина, похожий на беглого премьер-министра КР Данияра Усенова, который сегодня именует себя Даниилом Урицким с президентом Беларуси Александром Лукашенко на встрече в Минской области
Өзүн Даниил Урицкий деп атаган качкын өкмөт башчы Данияр Үсөновго окшош кишинин Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко менен түшкөн сүрөтү чыкты

Маалыматта Лукашенко Минск облусуна иш сапары менен барып, Пухович районундагы жогорку технологиялуу агроөнөр жай өндүрүшүн толук циклде уюштуруу боюнча инвестициялык долбоордун ишке ашырылышы менен таанышары айтылат. Долбоорду "Белоруссиянын улуттук биотехнологиялык корпорациясы" ишке ашырууда.

ЖМК Бакиевдер менен Урицкийдин Белоруссиядагы миллиондогон бизнестери тууралуу

Өз кезегинде Лукашенко долбоорго жогорку баасын берген.

Курманбек Бакиевдин тушундагы соңку премьер-министр болгон Данияр Үсөнов апрель окуясынан кийин кызматынан кол жууган. 3,5 ай премьерликти аркалап, апрель окуясы боюнча иштерден улам сыртынан соттолгон. Ушул тапта Белоруссияда жашайт, ал жакта Даниил Урицкий ысымы менен жүрөт.

191
Белгилер:
долбоорлор, Сүрөт, Александр Лукашенко, Данияр Үсөнов, Белоруссия
Тема боюнча
Белоруссия Данияр Үсөновду эмнеге кайтарып бербей жатканын түшүндүрдү
Лукашенко: митингге чыккандарды чет мамлекеттен туруп көзөмөлдөшкөн