Пекин шаарындары туристер. Архив

Кытай кыргызстандыктарга жекече туристтик виза бере баштады

328
(жаңыланган 17:51 06.12.2018)
Жекече туристтик визаларды берүү 2017-жылдын башында токтотулган.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кытайдын Кыргызстандагы консулдук бөлүмү кыргызстандыктарга жекече туристтик виза бере баштады. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жекече туристтик визаны берүү 2017-жылдын башында токтотулган. Уруксат кагазын беш адамдан турган топ гана ала алчу.

"Учурда элчилик "L" категориясындагы жекече туристтик визаларды берип жатат", — деп айтылат маалыматта.

Кабыл алуу бөлүмүнө Кытай элчилигинин сайты аркылуу жазылса болот. Ошондой эле интернет ресурска керектүү документтердин тизмеси жарыяланды.

328
Белгилер:
виза, Кытай
Тема боюнча
Кыргызстан Кытайдан кантип көз каранды болду. Экономика тууралуу фактылар
Пикирлер