БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 1991-2018-жылдар арасында иштегендерге 70 000 сом жөлөк пул берип жатат деген маалымат жалган. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.
"Кечээ кечтен тарта фейк аккаунт аркылуу WhatsApp каналында маалымат тарап, аны эл бири-бирине активдүү түрдө жөнөтө баштаган", — деп айтылат маалыматта.
Аталган министрлик бул чындык эместигин расмий түрдө билдирип, элди буга ишенбөөгө жана маалыматты бири-бирине таратпоого чакырды.