Москвада Чыңгыз Айтматовдун эстелиги ачылды. Видео

Жазылуу
Москвада жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин ачылышы болду.

Село Шекер Таласской области - Sputnik Кыргызстан
Ааламга Айтматовду берген жана Айтматов дүйнөгө даңктаган Шекер тууралуу 16 факты
Иш-чарага президент Сооронбай Жээнбеков, элчи Болот Отунбаев, өкмөттүн мүчөлөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышты.

Эстеликтин ачылыш аземинин видеосун интернетке Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз жарыялады.

Өткөн жылы Москва шаардык думасы дүйнөгө таанымал жазуучу Чыңгыз Айтматовдун скверине анын эстелигин орнотуу боюнча токтом кабыл алган.

Сквер Москва шаарынын Павлов көчөсү менен Подольск шоссесинин ортосунда жайгашып, аянты эки гектардан ашат.

Айтматов тирүү болгондо быйыл 90 жашка толмок.

Жаңылыктар түрмөгү
0