Айтматов жана Ош шаары. Кызыктуу 10 факты

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРОш шаары. 1970 жыл
Ош шаары. 1970 жыл - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын экинчи борбору катары расмий макамга ээ болгон Ош шаары — Чыңгыз Айтматовдун тагдырында өзгөчө мааниге ээ калаа. Мына ошол шаарга жазуучунун тагдыры бир нече жолу байланган, ал тууралуу 10 фактыны сунуштайбыз.

Ош — балалыктын башатында. Төрөкул 1927-жылдын март айында Кыргыз АССРинин Жалал-Абад кантондук комитетине жооптуу катчы болуп, Нагима Хамзаевна комсомолдун Жалал-Абад шаардык комитетинин секретары, андан соң аталган аймактын кантондук аткаруу комитетинин секретары болгон кезде Ош шаарына келип, 1929-жылга дейре республиканын түштүгүндө жер-суу реформасын жүргүзүү үчүн түзүлгөн комиссиянын төрагасы кызматында иштейт. Ошол кезде 1928-жылы 12-декабрда Жалал-Абад шаарында төрөлгөн наристе Чыңгыз ата-энеси менен Ош шаарына нечен жолу келген болуш керек.

© Sputnik / Борис Виленкин / Медиабанкка өтүүЧыңгыз Айтматов 1932-1934-жылдарда Ош шаарындагы №1 балдар бакчасында тарбияланган
Киргизский писатель Чингиз Айтматов - Sputnik Кыргызстан
Чыңгыз Айтматов 1932-1934-жылдарда Ош шаарындагы №1 балдар бакчасында тарбияланган

Ошко экинчи жолу келгенде. Түштүктө иштеген 1927-1929-жылдардан кийин Төрөкул Айтматовду 1929-жылы кайра борборго — Кыргыз АССРинин өнөр жай, соода эл комиссары жана эл чарбасынын борбордук кеңешинин төрагасы кылып жиберишет. Аны ал кызматта 1931-жылга чейин иштетип, Бүткүл союздук коммунисттер (большевиктер) партиясынын Араван-Буура райондук комитетинин биринчи секретары кызматына которушат. Бул районго ал кезде азыркы Ош шаарынын, Араван жана Кара-Суу районунун көп бөлүгү караган, жер-суу реформасын жүргүзүүдө, басмачылар менен күрөшүүдө, бай-манаптардын жерлерин алып батрактарга жана жамааттык чарбаларга таратып берүүдө эң үлгү көрсөтүүчү аймак болуу милдети тагылган. Ал киши бул райондо 1934-жылга чейин — Бүткүл союздук коммунисттер (большевиктер) партиясынын Кыргыз облустук комитетинин экинчи секретарлыгына көтөрүлүп кеткенге чейин эмгектенген. Ушул кезде Ош шаарында жашаган Төрөкул Айтматов менен Нагима Айтматованын тун уулу Чыңгыз 1932-1934-жылдарда Ош шаарындагы №1 балдар бакчасында тарбияланган. 1932-жылдын 8-августунда балдар тарбиячылары менен сүрөткө түшкөн, ал сүрөтү бизге түбөлүк эстелик болуп калган. Сүрөткө караганда Чыңгыз интернационалдык балдар жамаатында орусча тарбияланган. Ачарчылык башталып, өтө оор жылдар болуп атканы сүрөттөгү балдардын ырай-башынан, кийген кийимдеринен да байкалып турат.

Село Шекер Таласской области - Sputnik Кыргызстан
Ааламга Айтматовду берген жана Айтматов дүйнөгө даңктаган Шекер тууралуу 16 факты
Ачарчылык… Кайрымдуулук… Оштук бала… Оштогу күндөрүн жазуучу кийин мындай эске түшүргөн жери бар: "Балалыгым ачарчылыкта өттү. Көз алдыма ал кездеги кайырчы-тилемчилер азыр да кадимкидей тартыла калат. Алардын бирөө, кичинекей бала биздин үйгө тынбай келчү. Он-он бир жаштагы жетим бала болсо керек эле. Эптеп тамак тилеп жан багуунун ыгын алган эпчил неме болчу. Ачык турган дарбазадан же терезеден башбагып, үнүн аянычтуу чыгарып кайыр тилечү. Орусча, кыргызча аралаштырып: "Мамочка, мамочка! Курсак пропал! Мамочка!" — дечү. Анын үнү ушунчалык боорду ачытчу жана ага ырайымы келген апам мага бир кесим нан же тамак карматып, ага берип келүүгө жумшачу. Биздикинен кур кол кетпегендиктен кайрылып, бат-бат эле келе берчү. Атүгүл мен аны менен достошо да кетээр элем, кала берсе, кээде чогуу да ойноп калчубуз. Бир күнү атам аны байкап калды да, менден анын ким экендигин сурады. Мага тилемчилерге бер деп дайыма майда акчаларды карматар эле. Жанагы балага ошол акчаны бергенимде ал ушунчалык сүйүнгөн. Ошол тилемчи бала ар дайым бир бөз куржун көтөрүп жүрчү. Али да көз алдымда, бир ирет ал куржуну дал-дал болуп сөгүлүп калыптыр. Анысында бир калай консервасынын бош идиши жүрчү. Анан да эки туулга шиши боло турган. Ал экөөбүз куу чырпыктарды жыйнап, от жагып, тиги бала жанагы калайга буламык бышырчу".

© Sputnik / Мамадалиев / Медиабанкка өтүү1978-жылы жазуучунун 50 жылдыгы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда өтө жогорку деңгээлде белгиленген
Киргизский писатель Чингиз Айтматов - Sputnik Кыргызстан
1978-жылы жазуучунун 50 жылдыгы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда өтө жогорку деңгээлде белгиленген

Оштогу 50 жылдык маараке. 1978-жылы жазуучунун 50 жылдыгы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда өтө жогорку деңгээлде белгиленген. Жазуучунун Ошко келишине жана юбилейдин өтүшүнө менимче үч киши себепчи болду окшойт. Биринчиси — 1949-1954-жылдарда Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунда жазуучу менен окуган Абдырай Каниметов. Ал ошол кезде Ош облустук аткаруу комитетинин төрагасы Темирбек Кошоевдин биринчи орун басары эле. Анда Жалал-Абад, Баткен, Ош бөлүнө элек, бир облус. Экинчи киши Чыңгыз Айтматовду дайыма коштоп жүргөн, ошол кездеги Кыргыз Республикасынын басма, полиграфия жана китеп соода боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Барпы Рыспаев, ал киши 1966-жылдан 1981-жылга чейин Ош облустук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары, партиянын Ош облустук комитетинин катчысы болуп иштеп, Түштүктө кадыр-барк күткөн партиялык жетекчи болчу. Үчүнчү киши Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун ошол кездеги ректору, философия илимдеринин кандидаты, профессор Сулайман Жумагулов эле. Ал киши Кыргызстан КП БКнын илим жана окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Аманбек Карыпкулов менен жакшы мамиледе болуп, Оштогу институт үчүн өтө пайдалуу иштерди кылып жаткан. Ошолордун түздөн-түз таасири болуп ал кезде такыр колго тийбеген, Москвадан бошобогон, "Ак кеме" фильми үчүн СССРдин мамлекетттик сыйлыгын, андан соң Социалисттик Эмгектин Баатыры наамын Ленин ордени менен кошо алып жаткан, "…Ала-Дөбөтү" дүң болуп турган Чыңгыз Айтматовду балалыгынын шаарына жолугушууга чакырган. Жолугушуу институттун БАЗ деп аталган чоң залында өтүп, адамдар батпай терезелерге чыгып отурган, көбү орун жок туруп калган.

Белекке ээр берилген. Жолугушууга келери кокус эле белгилүү болгон жазуучуга не белек камдайбыз деген суроо оор болду. Мен анда жаш окутуучу. Ректор Сулайман Жумагулов биздин филология факультетиндеги агайларыбыз декан Сүйүнбек Ибрагимов, доценттер Жээналы Шериев, Акбар Сыдыков ж.б. илимпоздор менен кеңешип, мыкты устага мыкты ээр чаптырып, токулга жабдыктары менен өтө тез даярдатышты. Келиштирип сөз жазышты, аны ректор чечендикке салып, сонун айтып берди, ээрди бергенде мындайды күтпөгөн Чыңгыз Төрөкулович көзүнө жаш алып аябай ыраазы болгонун билдирип турду.

© Sputnik / Лев Иванов / Медиабанкка өтүүАйтматов 1960-1965-жылдары "Правда" гезитинин Орто Азия жана Казакстан боюнча кабарчысы болуп иштеген учурда кызматтык иш сапары менен Өзбекстандын Фергана өрөөнүндөгү облустарында болуп, андан Ошко өтүп Ак-Бууранын суусун ичкен.
Писатель Чингиз Айтматов - Sputnik Кыргызстан
Айтматов 1960-1965-жылдары "Правда" гезитинин Орто Азия жана Казакстан боюнча кабарчысы болуп иштеген учурда кызматтык иш сапары менен Өзбекстандын Фергана өрөөнүндөгү облустарында болуп, андан Ошко өтүп Ак-Бууранын суусун ичкен.

Студенттерге таң калган. Айтматов адегенде Ош пединститутун провинциалдык окуу жайы катары караганбы, бир убакта 4-курстун студенти Бекмурза Абдурашитов чыгып, "Сиз "планетардык мышление" деп көп айтып жатасыз, ушул тууралуу кененирээк түшүндүрүп бериңизчи" деп суроо узатканда бул жердин студенттери да оңой эмес экен дегендей, суроо бергени үчүн ыраазылык билдирип, оюн чечмелеп чыкты. Ошол жолугушууда Карбалас Бакиров, Самидин Станбеков ж.б. студенттер өздөрү жазган ырларын окуганда жазуучу өтө дыкат угуп отурду.

Всесоюзная фотовыставка Фотообъектив и жизнь - Sputnik Кыргызстан
Кыдырга жолугуп, президенттиктен баш тарткан. Чыңгыз Айтматов тууралуу 22 факты
Ош трегедиясында ыйлап чыгып, жүрөгүн ооруткан. 1990-жылы Ошто жана Өзгөндө өзбек сеператисттери менен кыргыз жаштарынын түшүнбөгөн катмарынын этникалык жаңжалы чыкканда Айтматов жүрөгүн канатып, эки элдин ортосун аралаган "кара мышыкка" капа болот. Ошол күндөрү Москвадан чыккан "Известия" гезитинде "Тозок үстүндөгү каргалардын ыйы" аттуу макаласы жарыяланат. Окуя тууралуу мындай баяндайт: "Ошол эле күнү Чкалов аэродромунан бир топ жолдоштор менен аскердик учакта учуп кеттим. Ташкентке конорубуз менен Өзбекстан Жазуучулар союзунун төрагасы Адыл Якубов менен байланыштым. Биз жолугуштук. Аэропорттун өзүндө шашылыш кеңеш өткөрдүк. Абал күндөй ачык болчу, эки боордош калк бири-биринин жакасына жабышып турган кез эле. Бетме-бет турган карама-каршылыкты кандай кылып жоюуга болот? Күтүлбөгөндөй жалынга айланган чыр-чатакты кантип токтотууга болот? Бизди мына ошол көйгөйлөр кыйнаган. Ар бир саатта жаңы кабар жетип келип, жүрөктөрүбүз чок болуп, тезирээк аракет кылууга шашылат элек. Тез арада менин келгенимден кабар алган Өзбекстандын жетекчиси Ислам Каримов аэропортко жетип келди. Ал ар дайымкыдай, анык бир маселеге бардык көңүлүн топтогон, аракеттүү, кайраттуу эле. Жекеме-жеке чын дилден сүйлөштүк… Каримов менен пикирибиз бир жерден чыкты. Ал менин ой-пикирлеримди толугу менен колдоп кубаттады жана самолёттун тепкичине чейин узатып койду. Кадимкидей боордош болгон эки калктын ортосунда пайда болгон чыр-чатакты жоюу алкагында ошондо Каримов улуу мамлекеттик ишмерге таандык болгон акыл-идирек, даанышмандыктын үлгүсүн көрсөттү". Ошондо Айтматов өзбек достору жана өзбек элине кадыры сиңген жазуучулар Адыл (Одил) Якубов менен Пиримкул Кадыровду ээрчите келип, Ошто телевидение аркылуу сүйлөп, каршылаш турган жаштарды ынтымакка чакырган. "Мен үчүн өзбек-кыргыз бир журт. Менин журтум", — деп эки элге тең экенин, эки элди тең бирдей көрөрүн айткан. Телеэкрандан жүрөгү канап, ыйлап жаткандай болгонун бүт баарыбыз көрүп турганбыз. "Акылга келели! Өзбек калкы! Кыргыз эли! Азиз оштуктар! Биз Ош жергесинде эзелтен бери жашап келген журтпуз. Каны да, тили да бирге түрк атанын балдарыбыз. Азыр кыргыз, өзбектин арасы душмандашуу коркунучунун абалында. Кан төгүлүп, кишилер майып болууда. Эртеңки күнүбүздү ойлонолу, бала-чака, неберелерибиздин убал-сообун ойлонолу. Булардын келечеги эмне болот! Акыл токтотуп сабыр күтөлү. Өзбек калкына, өзбек туугандарга кол көтөргөн кыргыздар чынында өз элине, кыргызга кол көтөрүү менен барабар. Кыргыздар, жаманчылыкка барбагыла, ачууга алдырбагыла, терс тилге кирбегиле! Урматтуу өзбек агайындар, сабыр күткүлө, жалпы тилге келгиле, ынтымакка жол издейли! Эртеңки күндөрдө маселелер чечилмек. Ошондо мындай иштерге кандайча азгырылдык деп катуу кейиште болобуз. Мен силерге кайрылам, өзбек да, кыргыз да мен үчүн бирдей өз элим. Кеч боло электе бири-бириңерге кол сунгула, маселелерди акыл менен чечкиле. Күч – акылда! Зордук эч убакта элге жакшылык алып келе албайт".

Муну менен ал Ошту сүйөрүн, Ош менен тагдыры байланганын, гуманист жазуучу жана инсан экендигин көрсөткөн.

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРТөрөкул Айтматов 1929-жылга дейре республиканын түштүгүндө жер-суу реформасын жүргүзүү үчүн түзүлгөн комиссиянын төрагасы кызматында иштеген
Архивные кадры города Ош - Sputnik Кыргызстан
Төрөкул Айтматов 1929-жылга дейре республиканын түштүгүндө жер-суу реформасын жүргүзүү үчүн түзүлгөн комиссиянын төрагасы кызматында иштеген

Жазуучу Ошту кыдырып, Сулайман-Тоого суктанган. Айтматов 1960-1965-жылдары "Правда" гезитинин Орто Азия жана Казакстан боюнча өз кабарчысы болуп иштеген учурда атайын кызматтык иш сапары менен Өзбекстандын Фергана өрөөнүндөгү облустарында да болуп, андан Ошко өтүп Ак-Бууранын суусун ичкен. СССР Жогорку Советинин 1966-1970-жылдардагы жетинчи, 1970-1974-жылдардагы сегизинчи, 1974-1979-жылдардагы тогузунчу, 1979-1984-жылдардагы онунчу, 1984-1989-жылдардагы он биринчи чакырылыштарынын депутаты кезинде да Ош шаарын жана Ош облусун кыдырып, шайлоочулар менен жолугушуп чыккан. 10-чакырылыш учурунда аны Оштун Ленин району (азыркы Базар-Коргон, Ноокен райондору) депутаттыкка көрсөтүп шайлаган жана пахта талааларын көрүп эл менен баарлашкан.

Жазуучунун дээрлик бардык чыгармалары Ош шаарынын театрларында сахналаштырылган. Алардын ичинде Искендер Рыскулов инсценировкалаган жана Ош кыргыз драма театрында коюлган "Ак кеме", "Коммунист Танабай Бакасов", "Алгачкы аңчылык" деген спектаклдер кыргыз маданиятындагы урунттуу окуялар болуп калган.

Төрөкул Айтматов жана Нагима Айтматова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Төрөкулунун бейитин таппай... Нагима Айтматова тууралуу 15 факты
Айтматовдун 90 жылдыгы Ош шаарында өзгөчө белгиленди. 2018-жылдын 11-12-октябрь күндөрү ОшМУнун базасында "Чыңгыз Айтматовдун мурасы: Ааламдашуу доорунда биримдикте жашоо" аттуу II казак-кыргыз илимий жана чыгармачыл интеллигенция форуму өттү. "Ош — Чыңгыз Айтматовдун тагдырында" аталышындагы Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чаралар ушул эле жылдын 2-3-ноябрь күндөрү Ош шаарында республикалык деңгээлде белгиленди. Анын алкагында ОшМУда эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын, борбордук аянтта "90 жылдыкка — 90 көркөм өнөр" аталышындагы көркөм сүрөт, скульптура, графика көргөзмөсү уюштурулуп, боз үйлөр тигилип, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү, айыл чарба жарманкеси уюштурулду. Султан Ибраимов атындагы Ош кыргыз драма театрында президенттин, депутаттардын, маданий жана илимий интеллигенциянын катышуусуда чоң жыйын, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы жана ЖОЖдор тарабынан окуу-усулдук колдонмолордун, тарбиялык иштердин, илимий, практикалык иштердин, жазуучунун өмүрүнө, чыгармачылыгына байланышкан ар түрдүү китептердин көргөзмөсү болуп өттү. Жазуучу тууралуу даректүү фильм жана театрлаштырылган оюндар көрсөтүлдү. ОшМУнун алдына жазуучунун каармандарынын жана анын чыгармаларынын негизинде моделдер жасалып коюлду, студенттер чыгармалардын негизинде музыкалык-театралдык көрсөтүүлөрдү даярдашты. "Төлөйкөн" ат майданында "Жаныбарым, Гүлсары" аттуу улуттук көк бөрү, ат чабыш, кыз куумай, жорго салыш оюндары боюнча мелдештер уюштурулду, анын жыйынтык бөлүмүнө президент Сооронбай Жээнбеков катышып сөз сүйлөдү. Ал "Күнөстүү Ош менен Айтматовдун тагдыры да, үй-бүлөсүнүн тарыхы да бекем байланышкан. Мына ушул байыркы шаарда, Сулайман-Тоонун этегинде, Ак-Бууранын боюнда Чыңгыз Айтматовдун алтын балалыгы өткөн. Ал ордолуу Оштун бала бакчасында тарбияланган. Атасы Төрөкул Айтматовдун мамлекеттик ишмердиги касиеттүү Оштон башталып, партиянын Араван-Буура райкомунун биринчи катчысы болгон", — деп айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0