Учкучтардын кабинасына кирип алчу. Аскар Акаевдин пилоту экс-президент тууралуу

© Sputnik / Борис Бабанов / Медиабанкка өтүүКыргызстандын мурунку президенти Аскар Акаев. Архив
Кыргызстандын мурунку президенти Аскар Акаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Стальбек Алымкулов Аскар Акаевдин учкучу болуп жети жыл иштеген.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Пилот Стальбек Алымкулов Tengrinews агенттигине берген интервьюсунда Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаевди тик учак менен алып жүргөнүн эскерген. Алымкулов 64 жашта. Авиациялык чөйрөдө Аскар Акаевдин жеке учкучу катары таанымал. 40 жылдык тажрыйбасы бар. Алгач учактардын кичи авиациясынан баштап кийин тик учактарга өткөн. Жети жыл Акаевдин жеке учкучу болуп иштеген.

Алымкуловдун айтымында, бортко биринчи адам отурганда бардык пилотторду атайын кызматтын өкүлдөрү текшерип турган.

"Тик учак абага көтөрүлөр алдында сөзсүз түрдө атайын комиссия келип текшерип турчу. Курамы дарыгерлерден түзүлгөн дагы бир комиссия борттогу тамак-ашты текшерчү. Тик учагыбыз кымбат жасалгалуу эмес, жөнөкөй эле болчу", — деди Алымкулов.

Бывший президент Кыргызстана Аскар Акаев - Sputnik Кыргызстан
Аскар Акаевдин агынан жарылган видеосу. Достору жана жүз миңдеген доллар туурасында
Ал ошондой эле VIP-жүргүнчүлөрдү эки борт коштоочу тейлеп турганын айтты.

"Акаев кээде учкучтардын кабинасына кирип келип, бортмеханиктин ордуна отуруп алчу. Ал асманды караганды жакшы көрчү. Анан, албетте, сүйлөшчүбүз. Абдан тарбиялуу жакшы адам, интеллигенттүү окумуштуу да. Дайыма жылмайып турчу. Жерге конгондо "рахмат, балдар" деп колубузду кысчу", — деп эскерди Алымкулов.

Аскар Акаев кандай кызматкер болгонун мурдагы жетекчиси айтып берген материалды Sputnik агенттигинен окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0