Бишкекте ракка чалдыккан бала белектен баш тартып, башкаларга дары сурап жатат

Жазылуу
Онкологиялык оору менен алышып жаткан өспүрүм белектен баш тартып, Аяз атадан "муктаждарга дары-дармек бер" деп суранды. Баланын тилегин ишке ашыруу үчүн жарандар 100 миң сомдон ашык каражат чогултушту.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Балдардын онкология бөлүмүндө дарыланып жаткан беш жашар бала рак илдетине чалдыккан башка балдар үчүн жаңы жылдык эң кымбат белек даярдай алды. Бул тууралуу "Помогать легко" коомдук фондунун башчысы Динара Аляева Facebook баракчасына жазды.

Ноябрь айынын аягында аталган фонд Балдардын онкология борборунда дарыланып жаткандарга жаңы жылдык белек алуу үчүн акция баштаган. Тейсхан аттуу наристе белектен баш тартып, башка балдарга белек алууну суранган.

"Тейсхан ошентип онкологиялык дартка чалдыккан балдар үчүн жаңы жылдык эң кымбат белек даярдай алды. Кишилер фондубуздун кеңсесине дары-дармектерди алып келип жатышат", — деп жазды Аляева.

НИИ детской онкологии и гематологии РОНЦ имени Н.Н. Блохина - Sputnik Кыргызстан
Онкологиялык оорулууларды дарылоо үчүн чогулган каражат эмнеге жумшалат
Ал ошондой эле эгер Тейсхан болбогондо, көпчүлүк жарандар рак менен ооруган балдар 6-меркаптопурин дарысына муктаж экенин билбей калышмактыгын кошумчалады. Бул дарынын 25 таблеткасы жергиликтүү дарыканаларда 1300-1500 сом турат. Алматыда аны 500 сомго алууга болсо, Индияда 1500 сомго 100 таблетка келет.

Өз кезегинде Аляева каражат топтоо уланып жатканын жана фонд жарыялаган тизмедеги үч балага белек жетпей жатканына токтолгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0