Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов. Архив

Бишкекте "Айтматов тууралуу 90 суроо" аттуу флешмоб өтөт

148
(жаңыланган 09:26 10.12.2018)
Иш-чара улуу жазуучунун 90 жылдык мааракесине карата уюштурулууда.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата "Чыңгыз Айтматов тууралуу 90 суроо" аттуу флешмоб уюштурат.

Ага ылайык, иш-чара жазуучунун туулган күнүндө, 12-декабрда, Бишкектеги "Дордой Плаза" соода борборунда өтөт.

Маданий программанын алкагында Айтматов тууралуу видеоролик көрсөтүлүп, 90 суроодон турган викторина болот.

Быйыл улуу жазуучунун 90 жылдык мааракесине карата чет жакта жана Кыргызстанда мамлекеттик жана жергиликтүү деңгээлдеги бир катар маданий иш-чаралар уюштурулууда.

148
Белгилер:
флешмоб, суроо, Чыңгыз Айтматов, Бишкек
Тема:
Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы (42)
Тема боюнча
Минск шаарына Чыңгыз Айтматовго эстелик ташы орнотулду
Мамлекеттик кызматкерлер "Айтматовдун ааламы" менен таанышат
Пикирлер