Уруштан кийин каза тапкан аткаминер. Экспертизанын жыйынтыктары

© Фото / пресс-служба ГП "Кыргызаэронавигация"Жол кырсыгынар кийин каза болгон "Кыргызаэронавигация" ишканасынын жетекчисинин орун басары Маматназар Жакыпбаев. Архив
Жол кырсыгынар кийин каза болгон Кыргызаэронавигация ишканасынын жетекчисинин орун басары Маматназар Жакыпбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары 21-октябрь күнү жол кырсыкка кабылып, мас адамдар менен болгон уруштан кийин каза болгону айтылган.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында "Кыргызаэронавигация" ишканасынын жетекчисинин орун басары Маматназар Жакыпбаев жүрөк кан тамырлары оорусунан көз жумган. Бул тууралуу айыпталуучулардын биринин адвокаты Жогорку соттун жыйынында билдирди.

Убийство экс-депутата РФ Дениса Вороненкова в Киеве - Sputnik Кыргызстан
Киши колдуу болгон депутат, ок жеген прокурор. Жыл ичиндеги чуулуу өлүмдөр
Эскерте кетсек, каргаша 21-октябрда Түштүк магистраль менен Токтоналиев көчөсүнүн кесилишинде болгон. Аткаминердин унаасын жолтандабас артынан келип сүзгөн. Машинадан чыккан эки жигит менен Жакыпбаевдин ортосунда чыр чыгып, аткаминер жыгылып калган. Башы менен бордюрга тийип, ал ошол жерден көз жумган. Укук коргоочулар андан кийин эки кишини кармаган (айдоочу менен жүргүнчүсү). Шектүүлөр тергөө абагына киргизилип, Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси ("Адамды өлүмгө алып келгидей ден соолукка залака тийгизүү") боюнча иш козголгон.

Айыпталуучулардын биринин адвокатынын айтымында, 19-ноябрда аяктаган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыктары аткаминер жүрөк кан тамырлары оорусунун кесептинен каза тапканын көрсөткөн. Ошондой эле үч күбө окуя болгон жерде мушташ болбогонун айткан.

Мындан сырткары, Ш. уулу М. аттуу автонун жүргүнчүсүнүн адвокаты анын баш коргоо чарасын кайра карап үй камагына кое берүүнү суранды. Бирок соттук коллегия кеңешүү бөлүмүнө кирип шектүүнү тергөө абагында калтыруу чечимин күчүндө калтырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0