Салык төлөөчүлөр патентти онлайн сатып ала баштады

Жазылуу
Онлайн иш жүргүзүү салык төлөөчүлөр менен салыкчылардын ортосундагы түздөн-түз байланышты кыскартып, коррупциянын тобокелдигин төмөндөтөт.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 10-декабрына карата 1348 адам онлайн патент сатып алды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан (МСК) кабарлашты.

Бажы кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бажыга орношсом айлык албай иштейт элем дегендер бар. Пенсия тууралуу талкуу
Электрондук патентти алуунун эки жолу бар: Салык кызматынын (www.salyk.kg) сайтындагы "Салык төлөөчүнүн кабинети" аттуу электрондук кызматы жана eID-карта (2017-жылкы жаңы үлгүдөгү паспорт) аркылуу алууга болот.

Талдоо көрсөткөндөй, патентти онлайн түрүндө көбүнчө Ош (366 патент), Бишкек (229), Жалал-Абад (99) шаарларынын тургундары сатып алган.

Мындан тышкары, Аламүдүн районунда – 92 патент, Жайыл районунда – 47, Жети-Өгүз районунда – 31, Түп районунда – 26, калганы башка район жана шаарлардан алынган.

МСКдан белгилешкендей, онлайн иш жүргүзүү салык төлөөчүлөр менен салыкчылардын ортосундагы түздөн-түз байланышты кыскартып, коррупциянын тобокелдигин төмөндөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0