Фотофакт: Бишкекте башкы балатынын оту жанды

Жазылуу
27 метрлик башкы балатынын отун калаа мэри Азиз Суракматов жандырды.

Бүгүн, 10-декабрда, борбор калаанын "Ала-Тоо" аянтында өлкөнүн жаңы жылдык балатысынын оту чоң салтанат менен жанды.

Жаңы жылдын символу болгон балатынын бийиктиги 27, диаметри 12 метрге жетет. Атайын темирге 2 миң 400 бутактары жармаштырылып, 940 даана оюнчук менен кооздолду. Андан сырткары, дюралайттан жасалган 4900 метр жаңы жылдык жарыктар жана 440 метр гирлянддар менен шөкөттөлдү.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов отту жандыруу салтанатында шаардыктарды келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, алдыга койгон ой-максаттардын аткарылышын каалады.

Балатынын отун жандыруу салтанатына жүздөгөн шаардыктар күбө болуп, аларга кыргыз эстрадасынын өкүлдөрү концерт тартуулашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0