Автоунааны алуу-сатуу документи зарыл! Мамкаттоо себебин түшүндүрдү

© Sputnik / Иван Макеев / Медиабанкка өтүүАвтоунаалар. Архив
Автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каттоо кызматынан ишеним кат менен жүрүүнүн күңгөй-тескейин айтып беришти.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы жарандарды автоунаа сатып алып жатканда ишеним кат менен жүрө бербей, жаңы кожоюн өзүнө дароо каттатып алуу зарылдыгын эскертүүдө. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.

Каттоо кызматына караган Транспорт каражаттарын каттоо департаментинин аймактык бөлүмдөрүндө жүргүзүлөт. Бул кыргызстандыктарды эртеби-кечпи тушуга турган түйшүктөн арылтат.

Ишеним кат менен жүрүү автоунаанын жаңы ээсине төмөнкү баш ооруну жаратышы мүмкүн.

— сатып алган кишинин же нотариустун чектөөлөр боюнча маалыматы болбойт (күрөөдө же камакта болгону туурасында);

— ишеним каттын мөөнөтү өтүп кеткенде темир тулпардын мурдагы ээсин издөөдө машакат жаралышы мүмкүн;

— эгерде кожоюн каза болуп калса, мураскер боюнча маселе чыгып, ага ээлик кылуу укугу жазылып калтырган керээз окулгандан алты айдан кийин гана күчүнө кирет;

— кожоюн башка өлкөгө дайыма жашоо үчүн чыгып кеткенде аны кайра каттатууда маселе жаралат;

— мурдагы кожоюн түзүлгөн келишимди жокко чыгарып, автоунаасын кайтарып берүүнү каалаган учурунда талап кылышы мүмкүн. КРдин Жарандык кодексине ылайык, ишеним кат менен жүргөн адам аны өз алдынча өзүнө каттатып алууга укугу жок;

— ишеним кат менен автоунааны айдап жүргөн адам техникалык паспорт менен мамлекеттик номерди жоготуп алса, кайра калыбына келтире албайт. Андан сырткары, күрөөдө, камакта же дагы башка чектөөлөр туурасында маалымат ала албайт.

Саткан кишинин баш оорусу:

— эгерде автоунаа жол кырсыкка кабылып же жасалган кылмышта пайдаланылган болсо, анын жоопкерчилиги азайбайт;

— болгон-бүткөн айып пул менен салык автоунаанын ээсине келет;

— ишеним кат мамлекеттик органдарда катталбагандыктан, автоунаанын өзүн издеп табуу көйгөй жаратышы мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0