Муфтий Токтомушев Парижде ислам маселелерин талкуулап жатат

© Фото / пресс-служба ДУМК Международный форум "Ислам и вопросы глобализации" проходившим в Париже
Международный форум Ислам и вопросы глобализации проходившим в Париже - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чаранын алкагында Токтомушев Россиянын, Казакстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин муфтийлери менен жолугушту.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Парижде өтүп жаткан "Ислам жана глобалдашуу маселелери" аталышындагы XIV эл аралык форумга катышып жатканын Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди. 

© Фото / пресс-служба ДУМКМуфтий Максатбек ажы Токтомушев Парижде өтүп жаткан "Ислам жана глобалдашуу маселелери" аталышындагы XIV эл аралык форумга катышып жатат
Международный форум Ислам и вопросы глобализации проходившим в Париже - Sputnik Кыргызстан
Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Парижде өтүп жаткан "Ислам жана глобалдашуу маселелери" аталышындагы XIV эл аралык форумга катышып жатат

Маалыматка ылайык, иш-чарага Европа, Азия мамлекеттеринин муфтийлери, серепчилер жана Евразия чөлкөмүнөн 40тан ашуун диний мекемелердин жетекчилери катышып, тажрыйба алмашуу, биримдик, тынчтык жана көп маданияттуу коомдогу ынтымак, укуктук адеп-ахлактык чечимдер, исламдын келечеги, радикализмге жол бербөө маселелери каралууда.

Президент КР Сооронбай Жээнбеков на II международной конференции Ислам в современном светском государстве - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: динчилдер менен динден алысмын дегендердин мамилесин чыңдоо керек
Форум Франция мусулмандар кеңеши, Франция мусулмандар биримдиги, "Улуттук көрүнүш" уюму жана Россия илимдер академиясынын Чыгыш кол жазмалар институту тарабынан уюштурулуп жатканы айтылды.

Иш-чаранын алкагында Токтомушев Россиянын, Казакстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин муфтийлери менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу, илимий жыйындарды биргеликте уюштуруу жаатында пикир алышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0