"Манас" аба майданында туман тарай элек. Каттам учпай калды

© AFP / PETER PARKSПекинский аэропорт
Пекинский аэропорт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир каттам кечигип, экинчиси токтотулду.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Борбор калаадагы эл аралык "Манас" аэропортунда абал өзгөргөн жок, коюу туман каптап турат. Бул туурасында аталган аба майдандын маалымат кызматынан кабарлашты.

Деятельность Международного аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Какаганга муштаган! Оштон келем деп авиакомпаниянын "сюрпризин" көрдүм
Бүгүн, 11-декабрда, эртең менен калың туман каптап, төрт учак кошумча аэродромго конгон.

Бишкектен Москва, Грозный, Стамбул, Баткен жана Үрүмчү шаарларына жөнөй турган каттамдарда көйгөй жаралган.

Буга кошумча, Баткенге кетчү каттам эки саат мурда токтотулса, Үрүмчү сапарын эртеңкиге, 12-декабрга, которушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0