Жээнбеков: кыргыз, Манас, Чыңгыз деген сөздү бөлүп кароого болбойт

Жазылуу
Президент өз сөзүндө Айтматовдун руху кыргызстандыктарды бириктирип турарын айтты.

БИШКЕК, 12-дек. —Sputnik. Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Айтматов залкар жазуучу, гуманист, философ, планетардык жазуучу экенин белгиледи.

Ошондой эле кыргыз жана Чыңгыз деген сөздөр ар бир адамдын жүрөгүндөгү ыйык түшүнүк экенин, кыргыз, Чыңгыз жана Манас деген сөздү бөлүп кароого болбой турганын айтты.

"Чыңгыз Айтматов кыргыз инсаны дүйнөлүк интеллектуалдык атаандаштыкта тең таймашууга жөндөмдүү экенин далилдеди. Кыргыз баласы ааламдык цивилизацияга опол тоодой салым кошо аларын тастыктады. Айтматовдун улуулугу ушунда — бүтүндөй бир улутту эл катары жер жүзүнө даңазалады", — деди Жээнбеков.

Андан сырткары, Айтматов өз чыгармаларында улуттун тагдырын жазып, аны менен глобалдык көйгөйлөрдү көтөргөнүнө токтолду.

Президент ошондой эле Айтматов руху кыргызстандыктарды бириктирип турарын жана Айтматов Кыргызстанды эле эмес, дүйнө элин ынтымакка үндөгөнүн баса белгиледи.

Возложение цветов к могиле писателя Чынгыза Айтматова в Ата-Бейите - Sputnik Кыргызстан
Чыңгыз Айтматовго "Ата-Бейитте" куран окутулду
Өлкө башчысы Манас жана Айтматов академиясын түзүү чечими кабыл алынганын, аны менен бирге кийинки жылы Ч.Айтматов атындагы орус драма театры оңдолорун айтты.

Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналып Т.Сатылганов атындагы филармонияда өткөн "Айтматовдун аалам дүбүртү" аттуу иш-чарада жазуучунун бала чагы, атасы Төрөкул Айтматов менен болгон акыркы жолугушуусу, анын атылышы сахналаштырылып көрсөтүлдү.

Бүгүн, 12-декабрда, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленүүдө. Мааракенин урматына Кыргызстандын булуң-бурчунда жана дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде Айтматовду эскерүү кечелери, симпозиум жана илимий конференциялар өттү.

Андан сырткары,  Анкара, Астана, Ташкент сыяктуу бир катар шаарлардагы көчөлөргө аты берилди. Москва менен Минск шаарларында улуу жазуучунун атындагы парк ачылып, айкели коюлду

Жаңылыктар түрмөгү
0