Бишкекте чарчап калган наристе. Энеси курбусуна арыз жазуудан баш тартты

© AFP / JAY DIRECTOОоруканадагы ымыркай. Архив
Ооруканадагы ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки жашар наристе Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 6-декабрь күнү чарчап калган.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Бишкекте чарчап калган эки жашар наристенин апасы курбусуна арыз жазуудан баш тартты. Бул тууралуу Чүй ОИИББден маалымдашты.

Дело об убийстве 19-летней Бурулай Турдали кызы - Sputnik Кыргызстан
Бурулайдын соту боюнча өкүм чыкты
Билдирмеге караганда, баланын энеси арыз жазуудан баш тартканы менен укук коргоочулар Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси ("Аягы адам өлүмүнө алып келген, ден соолукка атайылап залака келтирүү") боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын улантууда.

28-ноябрь күнү Бишкектеги балдардын аймактык ооруканасына оор абалда эки жаштагы бала түшкөн. Милициядан билдиришкендей, наристенин денесинин бир канча жеринде жаракаты болгон. Наристе энеси акча табыш үчүн мигрант болуп жүргөндүктөн анын курбусунун кароосунда калган. Суракка алынган 32 жаштагы аял наристеге кол көтөрбөгөнүн, ал өзү эки кабаттуу керебеттен кулап кеткенин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0