Душманга каалабаган өлүм, ишке ашпай калган план. Медет Садыркулов жөнүндө 6 факты

© Фото / из семейного архива СадыркуловыхЭкс-глава президентской администрации Медет Садыркулов
Экс-глава президентской администрации Медет Садыркулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн мамлекеттик жана коомдук ишмер Медет Садыркуловдун туулган күнү. Кезегинде бир эмес эки мамлекет башчынын президенттик аппаратын жетектеген саясий ишмер көзү тирүү болгондо 65 жашка толмок.

Sputnik Кыргызстан агенттиги мамлекеттик ишмердин эмгек жолуна жана жеке жашоосуна саресеп салып, ал тууралуу кызыктуу фактыларды топтоду.

Жети бир тууган. Медет Садыркулов 1953-жылы 13-декабрда Чүй облусуна караштуу Кемин районунун Ильич айылында туулган. Атасынын улуту казак, апасы кыргыз. Жети бир тууган. Болжолдуу маалыматтарга караганда, ал Чүйдүн Сайлык айылына Кыргызстандагы орус тилиндеги алгачкы мектепти курдурган, манап Дүр Сооронбаевдин жээн небереси болгон. Садыркулов Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУ) тарых факультетинен билим алган. Эмгек жолун Медициналык институттун даярдоо бөлүмүндө тарых сабагынан мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 

© фото из семейного архифа Медета СадыркуловаМедет Садыркулов 1953-жылы 13-декабрда Кемин районунун Ильич айылында туулган
Медету Садыркулову исполнилось бы 62 года - Sputnik Кыргызстан
Медет Садыркулов 1953-жылы 13-декабрда Кемин районунун Ильич айылында туулган

Акаевдин ишенимдүү кадры. Садыркулов бийликке 1991-жылы, Аскар Акаев мамлекет башчы болуп турганда келген. Алгач президенттин аппаратында уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, референт болуп иштеген. Андан соң Бишкек шаарынын Биринчи май районунун акими, Салык инспекциясынын директору, Эсеп палатасынын башчысы кызматтарын аркалаган. Коомчулук арасында мамлекеттик бийликке үй-бүлө кирише баштагандыгын ачык айтып, аны токтотуу туурасында коңгуроо кага баштаганда "көздөн далдаа" иретинде Иранга элчиликке "узатылганы" айтылып келет.

"Ак үйдүн аталыгы" же Бакиев убагындагы "серый кардинал". Медет Садыркулов 2005-жылкы "Жоогазын" революциясынан кийин Курманбек Бакиев өлкөнү жетектей баштаганда кайрадан президенттин аппаратынын жетекчиси болуп дайындалат. Стратег, саясий кризистин менеджери аталган Садыркулов тез эле Бакиевдин ишенимдүү кишисине айланып, аны коомдук, саясий ишмерлер "өлкөнүн серый кардиналы" деп атай баштаган. Баса, Садыркуловду көбү аты-жөнүн (Медет Чоканович Садыркулов) кыскартып МЧС деп да айтышчу. 

© фото из архива служебной деятельности Медета СадыркуловаМедет Садыркуловдун көзү тирүү болгондо быйыл 65 жашка чыкмак
Медету Садыркулову исполнилось бы 62 года - Sputnik Кыргызстан
Медет Садыркуловдун көзү тирүү болгондо быйыл 65 жашка чыкмак

"Сырдуу белек". 2008-жылы Медет Садыркуловдун үйүнө белгисиз бирөөлөр жаңы жылдык белек катары кесилген кулак менен манжа таштап кетишкени да көп айтылган. Көп өтпөй 2009-жылдын 3-январында Бишкектин четиндеги Кайырма жана Сарбан айылдарынын ортосундагы бетон лотоктун ичинен 3 сөөмөйү жана 2 кулагы жок европа улутундагы адамдын сөөгү табылган. Кийинчерээк ал 51 жаштагы селсаяк Анатолий Пастухов экенин ЖМК өкүлдөрү жазып чыккан. Президенттик администрацияны башкарып турган адамга мындай коркунучтуу эскертүүнү кимдер жасаганы табышмак бойдон калган. "Сырдуу белек" жана бийлик башчылары тууралуу Садыркулов 2009-жылы жергиликтүү гезиттердин бирине маек берген. Анда ал "белек мага эскертилген ачык коркутуу экенин жакшы билем. Мен публикага ойногонду эмес, тер төгүп жумуштун майын чыгарып иштеп көнгөн адаммын. Жасай турган көп пландар бар эле, ошол тууралуу ойлонуп калдым. ТИМ баш болгон бир катар жогорку кызматтарды сунуш кылышты, баарынан баш тарттым. Мен булар менен (Бакиевдер) бир короодо чогуу жүрө албай калганымды сезип, өз эрким менен кызматтан кеттим", — деп айткан.

© Фото / из архива МВД КР2009-жылдын 13-мартында түшкөн автоунаасы Аламүдүн капчыгайында кырсыктап, тагыраагы күйүп кетип каза тапкан
Медету Садыркулову исполнилось бы 62 года - Sputnik Кыргызстан
2009-жылдын 13-мартында түшкөн автоунаасы Аламүдүн капчыгайында кырсыктап, тагыраагы күйүп кетип каза тапкан

Табышмактуу өлүм. 2009-жылдын 13-мартында Медет Садыркулов, Эл аралык стратегиялык иликтөө институтунун мурдагы директору Сергей Слепченко жана айдоочу Кубат Сулаймановдун сөөктөрү жана күйгөн автоунаасы Аламүдүн капчыгайындагы автожолдон табылган. Расмий маалыматтар боюнча окуя болгон түнү Медет Садыркулов түшкөн унаа Алматы шаарынан келаткан. Садыркуловдун жакын санаалашы Искендер Гаипкулов кандуу окуяны эстеп, ал Алматыга аттанганда эле ошол кездеги бийлик тарабынан кыймыл башталгандыгын айтат. "Түшкү саат экилер болчу. "Ушундай болуп жатат, тактачы" дегенинен мен Чек ара кызматынын штабына чалып баштаганда эле кайра чалып, "өттүм" деди. Ошону менен байланышкан жокпуз, эртеси күнү жаман кабарды уктук. Барсак, автоунааны да, өзүн да өрттөп салышкан экен. Сөөгүн таанууга кирдик, башкасы да болду. Толук ишенбей ДНКсын Москвага жөнөттүк, бир айдан кийин ал Садыркуловдуку экендигин тастыктаган маалымат келди",— деди Гаипкулов. Ошол кездеги расмий маалымат боюнча, Садыркулов өзү түшүп келаткан Lexus LX 570 үлгүсүндөгү жол тандабасты Аudi-100 үлгүсүндөгү унаа кагып кеткендиктен биринчисинен от чыгып, анын ичиндеги үч адам өрттөнүп кеткен. Буга байланыштуу Аudi-100 үлгүсүндөгү машинанын айдоочусу камакка алынып, бирок 7-апрелден кийин киши колдуу болуп өлтүрүлгөн. Бакиевдин бийлиги кулагандан кийин ЖМК өкүлдөрү "Садыркуловдун өлүмү саясий буюртма болгонун" саясий, коомдук ишмерлердин айтымына таянып жазып чыгышкан. Ал эми трагедиялуу өлүм боюнча сот иши бир нече убакытка уланып, 2012-жылдын ноябрында төрт киши узак мөөнөткө абакка кесилген. 

© фото из семейного архифа Медета СадыркуловаМедет Садыркулов үй-бүлөсү, неберелери менен
Медету Садыркулову исполнилось бы 62 года - Sputnik Кыргызстан
Медет Садыркулов үй-бүлөсү, неберелери менен

Үч кыздын атасы. Маркумдун кызы Айжан Садыркулова атасы өтө жөнөкөй жана боорукер болгонун эскерет. "Дем алыш күндөрү бизди сөзсүз тоого алып барчу эле. Лыжа тээп, аң улоого чыкканды жактырчу", — деди кызы Айжан. Коомдук ишмердин артында үч кызы жана жубайы калган. Улуу кызы Айжан учурда Эсеп палатасында аудитор болуп иштесе, ортончусу Мадина апасы менен ишкерлик чөйрөдө. Ал эми көкүрөк күчүгү Айгерим учурда АКШда билим алууда. Жубайы Айнагүл Садыркулова ишкерлик менен алектенет, беш небереси бар.

Маалымат ачык булактардан алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0