Жээнбеков: мамкызматкер керек болсо түшкү эс алууда да иштеши керек

Жазылуу
Президент министрлик менен ведомстволордун баары эле элди кабыл ала бербей турганын айтты.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Керек болсо мамлекеттик кызматкер түшкү тамактануу учурунда да иштеп, элге кызмат көрсөтүшү керек. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бир маалымкат алуу үчүн адамдар узун кезекте турат. Өлкө башчы "Түндүк" электрондук системасын толук кандуу пайдаланбаган мамлекеттик органдарды сынга алды.

"Тууганынын өлгөнүн тастыктоочу кагазды алуу үчүн жарандар кезекте турууга аргасыз. Бардык нерсенин чеги болот да. Мамлекеттик органдар тарабынан тоскоолдук бар. Эгер керек болсо мамлекеттик кызматкер түшкү тамактануу учурунда да иштеши керек. Бул сенин милдетиң. Кээ бир жерлерде түшкү эс алуу эки саат экен. Айрым мекемелер элди таптакыр эле кабыл албайт", — деди президент.

Жээнбеков жетекчилер министрлик менен ведомстволордогу тартипке жоопкер экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0