Кыргызстандын аймагында кайсы империянын баш калаалары бар эле? Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековIII Всемирные игры кочевников. 2 день. Торжественная церемония открытия этногородка в урочище "Кырчын"
III Всемирные игры кочевников. 2 день. Торжественная церемония открытия этногородка в урочище Кырчын - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бай калаалар, өз доорунун мегаполисттери, үлкөн империялардын борбор шаарлары… Кеп өткөн заманда азыркы Кыргызстандын аймагында жайгашкан шаарлар туурасында.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Кыргызстандын тарыхы окуяларга бай. Sputnik Кыргызстан редакциясы азыркы Кыргыз Республикасынын аймагында эзелки заманда орун алган борбор шаарларды тизмектеди. Алар борбор, анын ичинде кудуреттүү державалардын баш калаасы болгонун эсиңиздерге сала кетели.*

Чигу же Чигучен

Кыргызстандын түндүк бөлүгүн ээлеген усундар мамлекети биздин заманга чейинки II кылымда пайда болгон. Кийинчерээк ал чабалдап, кыйраган. Усундар боюнча акыркы маалыматтар V кылымга таандык. Усундардан улам кытайлыктар биздин доорго чейинки 74-жылы гунндардын империясын жеңе алган. Усундардын мамлекетинин борбор калаасы Чигу же Чигучен (Кызыл өрөөн) шаары болгон, анын урандылары Ысык-Көлдүн Түп булуңунда бар.

Суяб

603-жылы Улуу түрк каганаты ураган. Эң чоң империянын аймагынын бир бөлүгү, анын ичинде Борбордук Азия Батыш түрк каганатына караган. Аталган каганат гүлдөп турган маалда (618-630-жылдары) батыштык түрктөр азыркы Афганистандын аймагын, Пакистандын бир бөлүгүн ээлеп, Кавказга кол салып, жеңип турган. 618-жылы аталган өлкөнүн борбор шаары Суяб (азыркы Токмоктун жанындагы Ак-Бешим урандылары) болгон. Кийинчерээк мамлекеттин абалы чабалдап, Тан империясынан жеңилип, анын бийлигине баш ийип калган. 704-жылы Батыш-түрк кагандыгы түргөштөр тарабынан жок кылынган.

Кыргызстандын маданий мурастары
704-жылдан ошол эле кылымдын ортосуна дейре Түргөш кагандыгы бийлеген, баш калаасы ушул эле Суяб болгон. Мамлекеттин аймагы Сырдарыядан Иртыш дарыясына чейин созулган. Экинчи түрк каганаты менен согушуп, жеңилет. Ошентсе да арабдарды бир нече ирет жеңишкен. Бирок бир жолку кармашта өз ара ырксыздык жаралып, ошондон кийин каганат карлук урууларынын кысымында калган. Суяб XI кылымда андан өтө ыраак эмес Баласагын калаасы курулган соң ээн калган. Суябдын аянты 30 гектар болгон, фарс булактарында калкынын саны 20 миңге жеткени айтылат.

Баласагын

940-жылдан 1130-жылга чейин бирдиктүү Карахан кагандыгынын, кийин Чыгыш Карахан каганатынын борбор шаары болгон. Токмоктон анча алыс эмес жерде жайгашып, Суябдын жоголушуна алып келген. Бөлөк маалыматтар боюнча үч үлкөн борбор калаанын бири болгон.

Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова Япониянын Кыргызстандагы элчиси Ёсихиро Ямамура менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан байыркы шаар урандыларын сактап калууга Япониядан жардам сурады
Болжол менен 1130-жылы Баласагын Эне-Сайдан Сырдарыяга чейин өзүнө караткан чоң империяны түптөгөн кара кытайлар тарабынан басып алынган. 1218-жылы монголдор басып алганча ушул мамлекеттин баш калаасы болгон. Кулатылышына 1210-жылы кара кытай мамлекетинин аскерлери өз борбор шаарын басып алып, талоонго алышы себеп болгону айтылат. Ошол соккудан калаа кайра ирдене албай калган. Баласагын жөнүндө акыркы ирет 1312-жылы айтылган, аталган шаардын кыйрашынын себеби катары тарыхчылар чума эпидемиясын — "кара кыргынды" белгилешет.

Өзгөн

Айрым булактар боюнча 1040-1212-жылдары өкүм сүргөн Батыш Караханид мамлекетинин борбор шаары Өзгөн болгон, кийинчерээк баш калаа макамын Самарканга алдырган. Бөлөк булактарда экинчи борбор болгонун, баш калаасы башынан эле Самаркан болгону жазылган. Кийин аны чыгыш караханиддер жеңип алган. 1141-жылдан 1212-жылга дейре Чыгыш Караханид мамлекетинин бир бөлүгүнүн борбору болгон.

*Маалыматтар Владимир Мокрынин жана Владимир Плоскихтин "Кыргызстандын тарыхы" окуу китебинен жана ачык интернет булактарынан алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0