Гашиш менен апийим кантип айырмаланат? ИИМ лабораториясынан репортаж

© Sputnik / Табылды КадырбековИчки иштер министрлигинин криминалисттик коштоо жана ыкчам анализ талдоо башкармалыгынын лабораториясы
Ички иштер министрлигинин криминалисттик коштоо жана ыкчам анализ талдоо башкармалыгынын лабораториясы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги өлкөдө баңгизат кандай ыкма менен жана канча убакытта аныктала турганын билип көрдү. Ички иштер министрлигинин криминалисттик коштоо жана ыкчам анализ талдоо башкармалыгынын лабораториясы менен инспектор-криминалист Алмаз Деркембаев тааныштырды.

Мындан сырткары, редакция жыл башынан бери баңгизатка байланышкан канча кылмыш иши катталып, канча зат жок кылынганын сураштырды.

© Sputnik / Табылды КадырбековИИМдин криминалисттик коштоо жана ыкчам анализ талдоо башкармалыгынын лабораториясынын инспектор-криминалисти Алмаз Деркембаев
Инспектор-криминалист отдела криминалистического сопровождения и оперативного анализа МВД КР Алмаз Деркембаев - Sputnik Кыргызстан
ИИМдин криминалисттик коштоо жана ыкчам анализ талдоо башкармалыгынын лабораториясынын инспектор-криминалисти Алмаз Деркембаев

Баңгизаттардын айырмасы

Баңгизаттарды аныктоо лабораториясы 2004-жылы Баңгизатты көзөмөлдөө агенттигинин негизинде түзүлүп, 2009-жылы ИИМге өткөрүлгөн. Борбордо соттук-химиялык эки эксперт эмгектенсе, ошондой эле Ош шаарында дагы эки адис иш алып барат. Кызматкерлер химиялык, фармацевттик, биологиялык багыт боюнча билимге ээ болушу зарыл. Адистер беш жыл сайын аттестациядан өтүп турат.

© Sputnik / Табылды КадырбековБаңгизат эксперттерге таңгакка оролуп, чекесине тергөөчү менен шектүүнүн колу коюлуп, алынган каражат тууралуу кыска маалыматы бар кагаз менен келет
Лаборатория криминалистического сопровождения и оперативного анализа МВД КР - Sputnik Кыргызстан
Баңгизат эксперттерге таңгакка оролуп, чекесине тергөөчү менен шектүүнүн колу коюлуп, алынган каражат тууралуу кыска маалыматы бар кагаз менен келет

Жыл сайын өлкө боюнча миңге чукул соттук-химиялык экспертиза жүргүзүлөт. Алгач адис баңгизаттардын көп колдонулган түрлөрүнө токтолду.

"Биздин өлкөдө кара куурай өскөндүктөн колдонгондор көп болсо керек. Маселен, марихуана — кара кара куурайдын башы. Гашиш — кара куурайдын майдаланып, бутактары алынып, тазаланган түрү. Анын адамга тийгизген таасири марихуанага караганда күчтүү болуп саналат. Баңгизатка апийим өсүмдүгү да кирет. Анын "сүтүнөн" жасалган баңгизат — героин. Учурда баңгизаттын түрү абдан көп. Арасында адамдын акыл-эсине таасир бере турчу каннабис жана психотроптук заттар бар, ага маселен, спайс кирет. Биздин өлкөдө спайстын 86 түрү көзөмөлгө алынган", — деди эксперт Деркембаев.

© Sputnik / Олег Золото / Медиабанкка өтүүБаңгизатка апийим өсүмдүгү да кирет. Анын "сүтүнөн" жасалган баңгизат — героин.
Уничтожение наркотиков в Нижегородской области - Sputnik Кыргызстан
Баңгизатка апийим өсүмдүгү да кирет. Анын "сүтүнөн" жасалган баңгизат — героин.

Ошондой эле ал жыл сайын баңги каражаттарынын тизмеси жаңыланып, аларга тыюу салынып турарын кошумчалады.

Баңгизатты аныктоо кандай ыкма менен жүргүзүлөт?

Шектүү адам кармалгандан кийин андан алынган затты аныктоо үчүн ыкчам тергөө кызматкерлери соттук-химиялык экспертизага жиберет. Буйрук боюнча бир айдын ичинде изилдениши керек. Адистер эң аз дегенде 2-3 күндөн тарта 10 күнгө чейинки убакытта иликтеп бүтөт.

© Sputnik / Сергей Венявский / Медиабанкка өтүүАдамдын акыл эсине терс таасир эте турчу баңги заттардын бири — кокаин. Курамында никотин, кофеин жана морфин бар.
Экспертно-криминалистическая лаборатория - Sputnik Кыргызстан
Адамдын акыл эсине терс таасир эте турчу баңги заттардын бири — кокаин. Курамында никотин, кофеин жана морфин бар.

Баңгизат түрүнө жараша түс берүүсү реактивдердин жардамы менен аныкталат. Деркембаев бизге гашишти көрсөтүп берди.

1-кадам. Баңгизат эксперттерге таңгакка оролуп, чекесине тергөөчү менен шектүүнүн колу коюлуп, алынган каражат тууралуу кыска маалыматы бар кагаз менен келет. Аны эксперттер бардык жагынан сүрөткө тартып алышат.

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүМарихуана — кара куурайдын башы
Работа экспертно-криминалистического центра УВД по Приморскому краю - Sputnik Кыргызстан
Марихуана — кара куурайдын башы

2-кадам. Андан кийин заттын салмагы өлчөнүп, салынган идиш же пакет өзүнчө таразага тартылат.

3-кадам. Сыртынан бир сыйра көз салынат.

4-кадам. Түс берүүчү реактивдер аркылуу баңгизаттын буга чейинки болжолдонгон түрү аныкталат. Алгач аз өлчөмдө чөйчөккө салынып, реактивдер менен аралаштырылат. Тыным алгандан кийин даяр суюктукту фильтр кагазына тамызышат, эгерде кочкул кызыл түстү көрсөтсө, кара куурайдан жасалуучу баңгизат болушу мүмкүн.

© Фото / Алмаз ДеркембаевБаңги каражаттарын аныктоодо колдонулуучу техникалык жабдыктардын бирине газдуу хроматограф кирет.
Лаборатория криминалистического сопровождения и оперативного анализа МВД КР - Sputnik Кыргызстан
Баңги каражаттарын аныктоодо колдонулуучу техникалык жабдыктардын бирине газдуу хроматограф кирет.

5-кадам. Микроскоп аркылуу ботаникалык мүнөздөрүн байкоого болот.

6-кадам. Баңгизатты бир эле ыкма менен аныктап коюу жетишсиз. Жука катмарлуу хроматография (өң аныктагыч — ред.) аркылуу пластинага затты жалатып, айнек камерага жайгаштырышат. Каннабиноиддерге тийиштүү түстөр пайда болсо, демек кара куурайдан жасалган баңгизат болуп саналат.

© Фото / Алмаз ДеркембаевАл эми жалындуу ионизацияланган детектору бар газдуу хроматограф аркылуу баңгизаттардын пайызын аныктап алууга болот.
Лаборатория криминалистического сопровождения и оперативного анализа МВД КР - Sputnik Кыргызстан
Ал эми жалындуу ионизацияланган детектору бар газдуу хроматограф аркылуу баңгизаттардын пайызын аныктап алууга болот.

7-кадам. Баңги каражаттарын аныктоодо колдонулуучу техникалык жабдыктар бар. Ага газдуу хроматограф кирет. Маселен, бир килограмм зат келсе, анын ичинде эмнелер бар экендигин аныктоо зарыл. Эгер героин болсо, курамында героинге тийиштүү алколоиддер, кээде сатуучулар салмагын оор кылыш үчүн дары-дармек же жана башка кошулмаларды салып жибериши мүмкүн. Спиртке эритилген зат айнекке куюлуп, изилдөө үчүн аппаратка салынат. Ал жыйынтыгын 3-4 саатта берет.

8-кадам. Жалындуу ионизацияланган детектору бар газдуу хроматограф аркылуу баңгизаттардын пайызын аныктап алуу керек.

9-кадам. Соңунда заттын салмагы, түсү, курамы, пайызы жана кандай ыкма менен изилденгени жазылып, мөөр басылып, эксперттин корутундусу тергөөчүгө жиберилет.

© Sputnik / Табылды КадырбековДеркембаев: учурда баңгизаттын түрү абдан көп. Арасында адамдын акыл-эсине таасир бере турчу каннабис жана психотроптук заттар бар, ага маселен, спайс кирет.
Инспектор-криминалист отдела криминалистического сопровождения и оперативного анализа МВД КР Алмаз Деркембаев - Sputnik Кыргызстан
Деркембаев: учурда баңгизаттын түрү абдан көп. Арасында адамдын акыл-эсине таасир бере турчу каннабис жана психотроптук заттар бар, ага маселен, спайс кирет.

Жыл башынан бери 15 тоннадай баңгизат аныкталган

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматынын маалымат катчысы Жанна Сатарбаеванын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 11 айынын ичинде 1234 кылмыш иши аныкталып, 15 тоннадан ашык баңгизат алынган.

© Фото / Батыр НышановБаңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматынын маалымат катчысы Жанна Сатарбаева
Сотрудник пресс-службы УВД Ошской области Жанна Сатарбаева - Sputnik Кыргызстан
Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматынын маалымат катчысы Жанна Сатарбаева

"Анын ичинен 5 килограммы — апийим, 66 килограммдан ашыгы — героин, марихуана 2 тоннадай, каннабис 10 тоннаны, психотроптук заттар 18 килограммды, гашиш 170 килограммды, башка заттар 13 килограммды түздү", — деди Сатарбаева.

Кылмышка шектелгендерден алынган заттар атайын түзүлгөн комиссия тарабынан жок кылына турганы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0