Акча табыш үчүн өз тажиясын уюштуруп... Кыргызстандагы кытмыр схемалар

© AFP / KENZO TRIBOUILLARDМуниципальное кладбище в Тиай
Муниципальное кладбище в Тиай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кай бири камсыздандыруу компаниясын алдоого амалкөйлөнөт, башкасы насыя төлөөдөн тажайт, айтор, өз өлүмүн ар кыл себептер менен уюштургандар бар. Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Кыргызстандын кылмыш практикасындагы үрөй учурган учурларды эстеп көрдү, андай окуялардын каармандары акыры мыйзам алдында кайра тирилүүгө аргасыз болушкан.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Өлүмдү сахналаштыруу — кинодогу классикалык сюжеттерден. Бирок чыныгы турмушта да андай "өлүмдү" эрмектегендер бар. Кыргызстандыктар эмне үчүн кагаз жүзүндө өздөрүн "жерге беришет", мындай алдамчылык кандай кесепеттерге алып келет? Бул өңдүү соболдор менен юристтерге кайрылдык.

Адамды өз "өлүмүн" уюштуруу амалына эмне түртөт?

Юрист Елена Гаврилова адамдар насыянын жоюлушу үчүн өз өлүмү боюнча жасалма күбөлүк колдонорун белгилейт.

"Өлүм — насыялык милдеттенмелердин жоюлушуна негиз болот, карызын төлөөдөн качып адамдар өздөрүн кагаз жүзүндө "өлүү" көрсөтүшөт. Бирок мында бир жагдай бар: эгер кеп күрөөдөгү кыймылсыз мүлк болсо, анда төлөнбөй калган насыя мураскерлеринин мойнуна илинет", — деп түшүндүрдү юрист айым.

Мусульманское кладбище - Sputnik Кыргызстан
Жамандык, өлүм-житимге байланыштуу 15 "болбойт"
Ал кошумчалагандай, өз өлүмүн сахналаштырууга кызыкдар жак издөөдөгү жана жазадан качууга умтулган киши да болушу мүмкүн.

Адамдардын өздөрүн "көмүү" аракетинин дагы бир себебин "Вигенс" бирдиктүү укук борборунун директору Владимир Плужник атады.

"Өлүм тууралуу күбөлүк — мурасын каттоого негиз болуп саналат, көпчүлүк учурда дал ушундай максатта да документ жасалмалашат. Бирок ишмердигимдеги 14 жыл ичинде мындай учур менен бир да ирет бет келишпедим", — деди ал.

Кыргызстанда документ түрүндө "өлүп көргөндөр" барбы?

2015-жыл жаңыдан жаңырган маалда ИИМдин маалымат кызматы төмөнкүдөй билдирүү тараткан: Жалал-Абад облусунун тургуну өз өлүмү тууралуу мыйзамсыз күбөлүк алган. Билдирүүдө айтылгандай, документти ага кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып расмий бланкка өзгөртүү киргизген Чаткал райондук Жарандык актылардын абалын каттоо (ЗАГС) кызматкери жазган.

Мекеменин маалыматына таянсак, документтин жардамы менен ал киши Россиядан алган бир миллион рублден ашык өлчөмдөгү насыясын жабууну көздөгөн. Ага Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси боюнча иш козголгон.

Өлүктү түшүрүп жаткан ӨКМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акча издеп, ажал тапкан мигранттар. Жүк-200дү алып келүү канткенде жеңилдейт
2016-жылдын күзүндө кыргызстандыктарды дагы бир окуя айран-таң калтырган. 2000-жылдардын башында Өзбекстандын атуулу Аслан Камал Ибрагим АКШга кетип, өз өмүрүн бир миллион долларга камсыздандырат. Төлөтүп алуу үчүн ал киши жасалма "өлөт"

Сахналаштыруу алдамчынын өлүмүн каттаган жасалма жазуудан башталган, Ош облустук оорукананын врачы Аслан Камалга ал 2014-жылдын жай мезгилинде каза тапкан деген документти жазып берген. Андан кийинки кадам сөөктү жалган түрдө жерге берүү болгон, өзүнө Кара-Суу районундагы бейиттердин биринде эстелик тургузган. Экспертизанын натыйжасы ал мүрзөдө башка бир адамдын сөөгү жатканын аныктаган.

Эстеликтин сүрөтүн бетке кармап Аслан Камалдын туугандары камсыздандыруу компаниясына төлөмдү алуу үчүн барышат. Бирок миллион аларга буюрган эмес, алдамчылыктын бети ачылып, кылмышка патологоанатомдун да катыштыгы айкындалат. 

© Фото / Зульфия ТургуноваӨзбекстандын атуулу Аслан Камал Ибрагим бир миллион доллар төлөтүп алуу үчүн жасалма "өлөт"
Памятник гражданина США, который подделал документы о своей смерти - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстандын атуулу Аслан Камал Ибрагим бир миллион доллар төлөтүп алуу үчүн жасалма "өлөт"

Кылмыш иши КР Кылмыш-жаза кодексинин 350-беренеси ("Документтердин жасалмасын даярдоо, сатуу же жалган документтерди, мамлекеттик сыйлык, мөөр, бланктарды даярдоо") боюнча кылмыш иши козголгон.

Өлүм тууралуу жасалма күбөлүк берген оорукананын кызматкери КР Кылмыш-жаза кодексинин 315-беренеси ("Кызматтык будамайлоо") боюнча жазаланып, кызматынан четтетилип, ири суммага айыпка жыгылган. Аслан Камалдын өзүнө издөө жарыяланган.

"Кагаз жүзүндөгү өлүм" үчүн кандай жаза каралган?

Юрист Нургүл Жангазиева жазаны ким тартары, кандай түрдөгү жаза берилери иштин жагдайларына, анын ичинде жасалма документтердин даярдалышына жараша экендигин түшүндүрүп берди.

"Өлүмдү сахналаштыруу Кылмыш кодексинин бир дагы беренесинде каралган эмес, бирок ал алдамчылык катары каралышы мүмкүн. Ал эми бул Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинде көрсөтүлгөн", — деди ал.

Жалган документтерди жана бланктарды жасоо, даярдагандарга же пайдалангандарга Кылмыш-жаза кодексинин 350-беренеси боюнча жаза каралган. Эгер атайылап жасалма документ колдонулса, анда 10 000ден 100 000 сомго чейин айып салынат же үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылат.

Мүрзө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Киши көмүлгөн деген мүрзөдө сөөк жок болуп чыкты. Көрүстөндөгү алдамчылык
Эгер башка бир кылмышты жашыруу үчүн "өлүм" уюштурулса, анда жаза катаалданат, анын эркинен ажыратуу мөөнөтү төрт жылдан алты жылга дейре мезгилди түзөт.

Эгер кызматтык абал пайдаланылса, анда 5-8 жыл эркинен ажыратуу жана мүлктү конфискациялоо каралган.

Кайсы учурда Жарандык абалдын актыларын каттоо органдарынын кызматкерлери жазага тартыларын Елена Гаврилова түшүндүрдү.

"Райондук ЗАГС өлүм тууралуу расмий документти өлүмдүн медициналык күбөлүгүнүн негизинде гана жазып берет. Эгер бул документ көрсөтүлбөсө, ал эми сот дайынсыз жоголгон кишинин өлүмүн айгинелеген чечим чыгарбаса, анда мамлекеттик кызматкерлер "Кызматтан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча жоопко тартылат", — деди юрист.

Эгер каттоо органына жасалма өлүм күбөлүгү көрсөтүлсө, анда "маркум" кишиден сырткары, документ берген оорукананын кызматкери да жазаланат.

Кыргызстанда сөөк коюу ырасымынын толук нускамасы менен бул материалдан таанышыңыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0