Мэрия: Бишкектин четиндеги парк ичинде көп кабаттуу үй курулууда

© Sputnik / Табылды КадырбековСтроительные работы в Бишкеке
Строительные работы в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парк зонасынын аталган бөлүгү Таш-Дөбө айыл округунун аткаминерлери тарабынан үстүбүздөгү жылдын 14-ноябрында чыккан токтомунун негизинде менчикке өткөнү айтылды.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Бишкектеги Аалы Токомбаев көчөсүнөн жогору карай кеткен парк зонасынын бир бөлүгү жеке менчикке өтүп, көп кабаттуу үйдүн курулушу башталганын мэрия билдирди.

Буга чейин 24.kg сайтында аталган паркта бир түндө эле курулуштун айланасын тоскон сыяктуу дарбаза тургузулганы жарыяланган. Жергиликтүү тургундар нааразычылыгын билдирип, мындай аракеттин мыйзамдуулугуна кызыгышкан. 

© пресс-служба мэрии города БишкекСтроительство многоэтажного дома на территории парковой зоны в Бишкеке
Строительство многоэтажного дома на территории парковой зоны в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Строительство многоэтажного дома на территории парковой зоны в Бишкеке

Шаар мэриясынын басма сөз кызматы аталган маалымат чыгаары менен паркка адистер барып, аймак шаарга эмес, Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу экенин такташкан.

"Аталган жер тилкеси А. Матыев аттуу жаранга тиешелүү болуп чыгып, көп кабаттуу үй курууга каралган. Иштер жүрүп жатат", — дешти муниципалитеттен.

Парк зонасынын аталган бөлүгү Таш-Дөбө айыл округунун аткаминерлери тарабынан үстүбүздөгү жылдын 14-ноябрында чыккан токтомунун негизинде менчикке өткөнү айтылды. Жер ээсинин колунда бардык тийиштүү документтер бар болуп чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0