Национальное блюдо Казы-карта

Тердетмей, ысырыктоо, карчыга тартуу. Жети дубандын куда тосуудагы өзгөчөлүгү

1043
(жаңыланган 16:38 18.12.2018)
Таалайгүл Усенбаева
Кыргыз эли каадасы көп калктын катарын толуктаса керек. Келин алып, кыз узатаарда, баланы бешикке салып, тушоо кесүүдө, айтор, ар бир салтта биз билген да, билбеген да каадасы көп. Ал эми куда тосуп, кудага баргандагы шаң-салтанат өзүнчө кепке арзыйт.

Аймактарда куда тосуу кандай каадалар менен коштолуп, облустарда кандай өзгөчөлүктөр бар экенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жергиликтүү тургундардан сурап билди. Каадаларды кабарчыга Нарын облусунун тургуну Жумаш Океева, Чүй облусунун тургуну Жыпар Миңбаева, Таластыкын Нургүл Батырбекова, Ош жана Жалал-Абад аймактарыныкын Гүлайым Акынбекова, Ысык-Көлдүкүн Шаршекан Шейшеева жана Баткен облусунукун Абдинаби Кадыров айтып берди.

Аркан тосуу. "Аркан тосуу" каадасы Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарында бар. Бул салт түштүк аймактарда да болгон, бирок бүгүнкү күндө колдонулбайт. Келин алган тарап унаадан түшүп, үйгө кирерде конок тосуп жаткан тараптан эки эркек алардын алдын аркан менен тосуп чыгат. Келген меймандар ырымдап акча беришет. Бул каада келин алган кудаларга гана колдонулат.

Карчыга тартуу. Талас, Чүй жана Нарындын айрым жерлеринде куданы "аркан тосуу" каадасы менен тосуп алса, Ысык-Көлдө жана Нарындын кээ бир айылдарында куданы "карчыга тартуу" ырымы менен күтүп алышат. Анда мейман күтүп жаткандар кудаларын үйгө жеткирбей, жолдун ортосунан бышкан бир койдун же козунун эти (атайын карчыгасын кошуп туруп) арак-шарабы, таттуу-тарапасы менен тосуп алып, бир сыйра сыйлап, анан үйгө алып келишет. Ал эми Баткен тарапта кудаларды таттуу кант менен тосуп алышат. Келген меймандар үйгө кирерде андан ооз тийип кирет.

Түштөндүрүү, кол чайкаар. Келген конокторго бир сыйрадан тамак берилгенден кийин "түштөндүрүү" каадасы башталат. Түштөндүрүү бардык облустарда бар. Болгону аны түндүк тараптагылар "түштөндүрүү" деп айтса, Ош, Жалал-Абадда "куданы чайга чакыруу" деп коюшат. Анда куда тосуп жаткан үйдүн туугандары, кошуналары же жоро-жолдоштору меймандарды үйүнө чакырып, колунан келген сыйын көрсөтөт. Түштөндүрүүнүн дагы "кол чайкаар" деген түрү бар. Анда деле кудаларды той берип жаткандардын жакындары сыйлайт. Болгону алар конокту өз үйүнө чакырбай, түшкөн үйдөн этин тартып, арак-шарабын берип, өздөрүн тааныштырат. Бул бардык аймакта бар, бирок аны нарындыктар эле "кол чайкаар" деп атап алышкан.

Паяндос. Паяндос — бул кызды алганы келген күйөө бала менен куда тарапка салынуучу килем. Бул каада Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында кеңири колдонулат. Кыз узатып жаткан тарап кудалар келгенде атайын паяндос даярдап коет да, босогону аттаарда күйөө балага өзүнчө, улуу кудаларга өзүнчө төшөйт. Бул учурда күйөө бала тарап килем салгандарга сөзсүз акча кыстарышы керек. Күйөө баланын көрүндүгүн жаш жеңелер алса, кудалардыкы улуу жеңелерге берилет.

Кешик, себет. Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүйдүн тургундары кудага барганда сөзсүз кешик ала барышат. Башкача айтканда, бир койдун этин бышырып, конфет-печеньесин, суусундуктарын өзүнчө кылып даярдайт. Той ортолоп калганда кийит кийгизилет, анын артынан эле кудалар алып келген кешигин да тапшырышат. Куда тосуп жаткандар ошол жерден эле өз тууган-уругун калтырып, баягы кудалары алып келген кешигин ошол жерден ачып баарына ооз тийгизет. Ал эми Ош менен Жалал-Абадда кешикке себет жасалып барат. Бирок себетке малдын эти салынбайт. Анын ичинде бир нандын түрүнөн 8 же 12 даана, таттуу-тарапа, суусундуктар болот. Себетти кыз берип жаткан кудалар жасап коет дагы, анын бирин күйөө баланын жолдоштору сатып алат. Түштүк аймакта "кыз көчүрүп баруу" деген салт бар. Анда кыз тараптан жалаң аялдар келин алган үйгө кудага барышат. Ошол кудада кыздын энесинин баштыгына баланын туугандары кешик катары "барганда тууган-уругуна ооз тийгизсин" деп бышырылган куймулчак жана жамбаш салып беришет. Баса, түштүктө кызына сеп берген тарап эгер колунда бар болсо, сандыгына бир койдун этин бышырып, таттуулары менен кошо салып коет.

Калың. Калыңды түштүк тараптагылар сөзсүз эле кудага барганда ала барышпайт. Айрымдары анын жарымын ачуу басаарда берсе, кээ бири "бата тойго" чейин эле берип коюшат экен. Калыңдын ичинде союштан тарта күрүч, май, айтор, бата тоюнун каражатын бала тарап чыгарып берет. Түштүктө кыз берип жаткандар кыз узатуу, үлпөт тойдун алдында бата той өткөрүшөт. Мында алар күйөө баланы жана анын досторун, ошондой эле баланын ата-эне, туугандарын сыйлашат. Кыздын себин да алар бата тойдо эле кудаларга берип жиберет. Кыз узатуу каадасы өзүнчө башка күнү өткөрүлөт. Ал күнү кудасы (баланын атасы) дагы бир тууганы менен келип аксакалдар келип кеткенге чейин турат. Ал эми түндүк аймактарда жашаган эл калыңды кызды алып кетээрде же кийин "алдына барды" деп ала барышат. Калыңдын баасы ар аймакта ар кандай. Бирок канча акча берсе дагы аны кыздын ата-энесине берээрде сөзсүз ак чүпүрөккө ороп 50-100 сомун кемитип беришет. Алган калыңдан үй ээси туугандарына ырымдап кичинеден берет. Баса, Баткенде кудага канча адам барса дагы ал жуп санда болушу керек.

Тердетмей. Бул кааданы Таластын тургундары куда тосууда колдонушат. Кудага келген конокторду бир маалда үйгө алып кирип, бир самоордун чайын сыртка чыгарбай дембе-дем бере беришет. Сыртка чыгам дегендери болсо, чай куйган келиндерге акчасын таштап кете беришет.

Ысырык түтөтүү. Ош, Жалал-Абадда келген кудаларга "ысырык же арча түтөтүү" деген каада колдонулат. Баткенде бул каада бара-бара калып бара жатканы айтылды. Той ортолоп калганда үй ээсинин тууган же кошуна келиндеринин бири кудалардын башынан ысырык түтөтөт. Бул учурда меймандар ал келинге ырымдап акча-тыйын бериши керек.

Конок катуу. "Конок катуу" каадасы Ысык-Көл, Нарында көп колдонулат. Анда келиндер узап жаткан куданын бирин уурдап калып, катып коюшат. Аны куда тарап "сатып алат".

Бут кийим катуу. Түштүк аймакта, анын ичинде Ошто бут кийим катып койгон каада бар. Куда кетээрде келиндер бир меймандын бут кийимин катып коет, аны да кудалар "сатып алабыз" дегенде гана беришет.

Жылкычы, койчу. Ысык-Көлдө, Чүйдө жана Нарындын айрым аймактарында "жылкычылык" же "жылкычы, койчу" деген каада бар. Жаш жигиттер "түнү менен кой кайтардык" деп кудалардын унааларын кайтарганы үчүн акча алышат.

Уйкулук. Келген меймандар кетип жатканда уйкулук деп арак-шарап, суусундук же алып ичип койгула деп акча таштап кетишет. Бул кудалардын өз көңүлүнөн чыгат.

"Бычак өтпөй жатат", "от күйбөй жатат". Ошто куда тосууда ушундай да каадалар бар. "Бычак өтпөй жатат" дегенде сыртта кой союп, шорпо бышыргандарга кудалардан бир-экөө акча берип көңүлүн көтөрүп коюшу керек. Ал эми "от күйбөй жатат" дегени тамак жасаган жеңелердин тыйын сурап жаткандагысы. Бул каада кудалар кыздын үйүнө барганда колдонулат.

1043
Белгилер:
күйөө бала, келин, каада-салт, Кыргызстан
Тема боюнча
Адамдын кандай экени сунган аякты алганынан билинип... Кымыз ичүү салты
Эркек киши көрбөйт! Кыздын себине байланыштуу 5 "болбойт"