Нуркамал Асканова: чет өлкөгө иштеп кеткен эне 20 жылдан соң Кыргызстандан табылды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Кайдасың?" берүүсүн алып баруучусу Нуркамал Асканова
Кайдасың? берүүсүн алып баруучусу Нуркамал Асканова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нуркамал Асканова КТРКда 12 жылдан бери "Кайдасың?" берүүсүн алып барат. Программа издешкен туугандарды табыштырып, аларга бактылуу ирмемдерди тартуулап келет.

Жоголгондорго издөө салып бирин Кыргызстандан, башкаларын чет өлкөдөн таап берген программанын алып баруучусу жана автору менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Таалайгүл Усенбаева баарлашты.

— "Кайдасың?" берүүсүнүн эфирге чыга баштаганына канча жыл болду? Программанын жаралыш тарыхына токтолуп кетсеңиз.

КТРКнын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улуттукпу, коомдукпу, мамлекеттикпи? КТРКнын 60 жылдыгына карата
— Телеберүүнүн эфирге чыга баштаганына төрт айдан кийин 12 жыл болот. Бир жылдары өлкөдө жумушсуздук күч алып, элдин баары мигрант болуп Россия, Казакстанга агылып кете баштаганын баарыбыз билебиз. Алардын көбү эле бара турган өлкөнүн мыйзамдарын, өз укугун билбей эле кетишиптир. Ошол кезде КТРКда "Шок-факт" деген кылмыш иликтөө берүүсү бар болчу. Программага агылып ар кайсы жакка кеткен мигранттарга издөө салган толтура кат келип түшө баштады. Россиянын Биринчи каналында "Жди меня" деген берүү чыкчу эмес беле. Анан баягы каттардын санын көрүп "биз деле дайынсыз жоголгондорго издөө салган берүү ачпайлыбы" деген идея келип, "Кайдасың?" теле берүүсүн баштадык. Программаны иштете баштаганда редакцияга ар кандай кат, кайрылуу келди. Арасында 100-150 жыл мурда өлкөдө же дүйнөдө тарыхый бир бурулуш болгондо бири-биринен ажыраган туугандардын урпактары да алыскы жек-жаатын издеп келгендер да бар эле.

— Издөө иштерин кантип жүргүзчү элеңер?

— 10 жыл аралыгында бизге алты миңге чукул адам кайрылды. Издөө иштерин жүргүзүү башында азыркыга салыштырмалуу кыйын болчу. Бүгүнкүдөй социалдык тармак, интернет күчтүү эмес. Мамлекеттик органдар, эл аралык, коомдук уюмдар көп жардам берди. Алсак, "Кызыл крест" жана "Кызыл жарым ай" эл аралык уюму, согушта жоголгондорду издеген "Эрдик" коомдук фондусу жардамын аяган жок. Тынбай издөө иштеринен улам жоголгон 6000 кишинин үч миңин таптык десем жаңылышпайм. Ар бир эфирге жок дегенде табышкан бир үй-бүлөнү же туугандарды чыгарчубуз. Кадр сыртында табышкандар да көп болду. Алардын эфирге чыкканга же келгенге мүмкүнчүлүгү чектелүү экенин билдик. Анын үстүнө табышкандардын көбү социалдык жактан колдоого муктаж адамдар экен, көбү чет өлкөдө да болуп калчу.

© Фото / Пресс-служба Государственного комитета по делам обороны КРТынбай издөө иштеринен улам жоголгон 6000 кишинин үч миңин таптык десем жаңылышпайм
Ведущая телепрограммы Кайдасың? на КТРК Нуркамал Асканова - Sputnik Кыргызстан
Тынбай издөө иштеринен улам жоголгон 6000 кишинин үч миңин таптык десем жаңылышпайм

— Жүрөк ооруткан тагдырларды көп көрсөңүз керек?…

Автоунаанын тетиктерин такылдап айтып берген кыз. КТРК кабарчысы жөнүндө видео - Sputnik Кыргызстан
Эркектерди таң калтырды. Автоунаанын тетиктерин жатка билген кыздын видеосу
— Зээнди кейиткен тагдырлар толтура. Бир күнү редакцияга 20-25 жаштагы бир туугандар кайрылышты. Алардын апасы жаш кезинде эле Казакстанга иштейм деп кетип дайынсыз жоголуптур. Сүрөтүн эфирден бердик. Андан сырткары, социалдык тармак, Россиядагы диаспора өкүлдөрүнө чыгып жатып, айтор, таап алдык. Көрсө, ал аял союз жаңыдан таркаган кезде жолдошу менен ажырашып кетип, жетпеген жашоонун айынан балдарын бутуна тургузам деп иш издеп Казакстанга багыт алыптыр. Жумуш жакшы болбой, андан ары Россияга кетип калыптыр. Ал жакта жашаган батири өрттөнүп, аны менен кошо документтери күйүп кетип, диаспора өкүлдөрүнүн жардамы менен эптеп кайра документ жасатыптыр. Ошентип жүрүп арадан 20 жыл өтүп кетет. Эч нерсеси жок Кыргызстанга келген аял балдарына куру кол баргандан уялып өзүнө окшош жалгыз бой аял менен жашап жүрүптүр. Аны жашаган жериндеги кошуналары аркылуу тапканбыз. Балдарына айтсак таң калып, эфирден баары көрүп, табышып, ыйлаганыбыз эсимде.

Мындан сырткары, үйүндөгүлөрүнө айтпай чет өлкөгө кетип, 10-15 жылдан кийин табылган адамдар болду, кытайлык кыргыздардан тууган тапкандар да программабызга чыкты.

— Күч органдары менен тыгыз байланышта иштешсеңер керек?

— Албетте. Кээ бирөөлөр күч органдарына кайрылып, жыйынтык чыкпай калганда бизге келишет. Кырсык, кылмыш иштерине кириптер болуп жоголгондордун сөөктөрүн моргдон тапчубуз. Кайсы жылдар экени эсимде жок, бир аксакалдын сөөгү моргдо көп убакытка чейин туруп, кийин жалпы мүрзөгө коюлуп калыптыр. Издеп-иликтеп отуруп 4 жылдан кийин таап, бала-чакасы кайра казып алып кетишкен. Мындан сырткары, кылмыш кылганын билбей тууганын түрмөдөн тапкандар да кездешкен.

— "Кайдасың?" телеберүүсүнөн сырткары башка программаларыңыз барбы?

— Коомдук биринчи каналга келгениме 24 жыл болду. Алгачкы ишимди режиссердун ассистенти болуп баштагам. Андан кийин укуктук-маалыматтык программада, музыкалык берүүлөрдө, балдар студиясында, айтор, ушул эле имараттын ичинде бирок ар кайсы бөлүмдө эмгек кылдым. "Кайдасың?" берүүсүн башында беш кишиден турган топ алып чыкканбыз. Бирок бара-бара кыскарып отуруп азыр өзүм эле жалгыз калдым. Берүүнүн редактору, автору, алып баруучусу дагы менмин. Бул программа аябай көп убакытты, анан эмгекти талап кылат. Редакторлук жумуштан сырткары издеп-иликтөө деген бар, каттар келет, аларды иретке келтирем, жолугушуулар бар. Берүү эки айда бир чыкканы менен ошончо жумушту талап кылат. Учурдан пайдаланып менин жумушума келип бекер эле жардам берген студенттерге ыраазычылык билдирип кетем.

— Жеке жашооңуз тууралуу да азыноолак кеп кыла кетсеңиз?

Диктор телеканала НТС диктору Мира Шукуралиева - Sputnik Кыргызстан
Диктор Мира Шүкүралиева: "депутаттын аялымын" деп күйөөмдүн атын пайдаланбайм
— Нарын районундагы 8-март айылында төрөлүп, чоңойгом. Мектепти жаңы бүткөн жылы атам кайтыш болуп калды. Үй-бүлөдө 10 бир туугандын улуусумун. Атам каза болгондо кичүүбүз бир жашта болчу. Кыйынчылыкка карабай апам бизди эч нерседен кем кылбай бакты. Үйдүн түйшүгүн экөөбүз көп тарттык. Мектепти бүтүп колхоздо иштеп, окууга тапшырам деп жүргөн убакта мени алып качып кетишти. Бирок жолдошум экөөбүздүн турмуш жолубуз көпкө созулган жок. 6 жылдан кийин ажырашып кеттик. Ортодо эркек бала калды. Биз ажырашкан убакта ал 2,5 жашта болчу. Кайнене, кайнатам аябай жакшы кишилер эле "баланы бизге эле калтырбайсыңбы, биз багалы" деп суранышты. Ошентип уулум чоң ата, чоң апасы менен өстү. Азыр да ошолордун колунда, бирок катташып, кабарлашып турабыз. Күйөөм болсо ажырашкандан кийин бат эле башкага үйлөнүп алган.

— Сизчи? Ошол бойдон турмуш курган жоксузбу?

— Жок. Башыман кыйын күндөрдү өткөргөндөн кийин шаарга кеттим. Апам, туугандарыма айтпай Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтуна тапшырдым. "Кокус окуудан чыгып калсам уят болом" деп 4-курска чейин үйдөгүлөргө окуп жатканымды айтпай жашырып жүрдүм. Атамдын карындашынын үйүндө турчумун. Аларга да эч кимге унчукпоону сурангам. Ошентип апамдар менин чын эле жогорку билим алганымды КТРКда иштей баштаганда билишкен. Кайра турмуш куруу тууралуу андан кийин ойлонгон да жокмун.

© Sputnik / Табылды КадырбековАсканова: программага 100-150 жыл мурда өлкөдө же дүйнөдө тарыхый бир бурулуш болгондо бири-биринен ажыраган туугандардын урпактары да кайрылып жатты
Ведущая телепрограммы Кайдасың? на КТРК Нуркамал Асканова - Sputnik Кыргызстан
Асканова: программага 100-150 жыл мурда өлкөдө же дүйнөдө тарыхый бир бурулуш болгондо бири-биринен ажыраган туугандардын урпактары да кайрылып жатты

— Он бир тууганмын деп калдыңыз. Чыгармачыл чөйрөдө сиз элесизби же?

Заслуженный деятель культуры, диктор Гульшан Молдоева - Sputnik Кыргызстан
Гүлшан Молдоева: "Арноо концертинен" кетем деп көп ирет түйүнчөгүмдү түйгөм
— Чыгармачыл чөйрөдө мен элемин. Энеден кийин эле эң жакын бир тууган экен. Апам 82де. Бир туугандарымдын баары өз-өзүнчө очор-бачар болгон. Бирок 10 жыл мурда экинчи иним жол кырсыгынан каза болуп калган. Анын кайгысын эми-эми унутуп калганда, ошол инимдин бир уулу окууну жаңы бүтүп диплом алайын деп турганда сууга чөгүп каза болду. Менин жашоомдогу эң азаптуу учур, эң оор окуя ушул болду. Бир тууган табылгыс нерсе экен да көрсө.

— Алдыда кандай пландарыңыз бар?

— Алдыда көп план, ишке аша элек көп долбоорлорум бар. Бирок аларга "Кайдасың?" телеберүүсүнүн түйшүгү көп болгондуктан колум тийбей жатат. Буюрса, акырындык менен ишке ашырам деп ойлойм.

Жаңылыктар түрмөгү
0