Бишкектин бир катар аймактарында беш күн газ болбойт

© AFP / BARBARA SAX Газ плита. Архив
Газ плита. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көгүлтүр от 17-декабрдан 21-декабрга чейин жок болот.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Борбор калаанын бир катар аймактарында беш күн бою газ болбойт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Компаниянын кызматкерлери кайра калыбына келтирүү иштерин жүргүзөт.

Көгүлтүр от 17-декабрдан 21-декабрга чейин төмөнкү аймактарда жок болот:

— Кызыл куруучу, Керамика жана Кайыңды конуштарында;

— Төмөнкү Ала-Арча айылында (Анжиян, Логвиненко, Биринчи май, Зеленая, Колхоз, Кыргыз, Белинский, Коллектив көчөлөрүндө жана Аул, Жаңы айыл жана МЧК туюк көчөлөрү);

— Аламүдүн айылында (Гидрокуруучу, Алма-Ата, Набережная, Кожожаш, Гоголь, Школьная, Панфилов көчөлөрү).

Жаңылыктар түрмөгү
0