Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Чаткалдын Терек-Сай айылында кармалган жергиликтүү 15 тургундун жакындары менен жолукту

Министр Жунушалиев Терек-Сайда кармалган 15 кишинин туугандары менен жолукту

162
(жаңыланган 10:55 18.12.2018)
Буга чейин милиция кызматкерлери бейбаштыкка шектүү катары айылдын бир нече тургунун кармап кеткен.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Чаткалдын Терек-Сай айылында кармалган жергиликтүү 15 тургундун жакындары менен жолукту. Бул туурасында министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

  • Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Чаткалдын Терек-Сай айылында кармалган жергиликтүү 15 тургундун жакындары менен жолукту
    Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Чаткалдын Терек-Сай айылында кармалган жергиликтүү 15 тургундун жакындары менен жолукту
    © Фото / пресс-служба МВД КР
  • Жунушалиев иш сапары менен өлкөнүн түштүк аймагын кыдырып жүрүп, аталган адамдар менен Жалал-Абад облустук милициянын имаратында жолуккан
    Жунушалиев иш сапары менен өлкөнүн түштүк аймагын кыдырып жүрүп, аталган адамдар менен Жалал-Абад облустук милициянын имаратында жолуккан
    © Фото / пресс-служба МВД КР
  • Аягында министр Жунушалиев бардыгы мыйзамдын негизинде каралууга тийиш экендигин айтып, баш коргоо чарасы сот тарабынан чечилээрин кошумчалаган. Ошондой эле Терек-Сай айылынын жашоочуларынын кайрылууларын мыйзамдын негизинде карап берүүгө убада берген.
    Аягында министр Жунушалиев бардыгы мыйзамдын негизинде каралууга тийиш экендигин айтып, баш коргоо чарасы сот тарабынан чечилээрин кошумчалаган. Ошондой эле Терек-Сай айылынын жашоочуларынын кайрылууларын мыйзамдын негизинде карап берүүгө убада берген.
    © Фото / пресс-служба МВД КР
1 / 3
© Фото / пресс-служба МВД КР
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Чаткалдын Терек-Сай айылында кармалган жергиликтүү 15 тургундун жакындары менен жолукту

Жунушалиев иш сапары менен өлкөнүн түштүк аймагын кыдырып жүрүп, аталган адамдар менен Жалал-Абад облустук милициянын имаратында жолуккан.

"Айыл өкмөт башчы менен туугандары кармалгандарга карата баш коргоо чарасын өзгөртүп берүүлөрүн суранып, алар жаштыгынан жана мыйзамды билбегендиктен ушундай кадамга барганын айтышты. Кармалгандардын арасында мурда инвесторлорду колдоп, ишкерлик менен алектенип, жергиликтүү тургундарга жумуш орундарын түзгөндөр дагы бар экендигин белгилешти", — деп айтылат маалыматта.

Аягында министр Жунушалиев бардыгы мыйзамдын негизинде каралууга тийиш экендигин айтып, баш коргоо чарасы сот тарабынан чечилээрин кошумчалаган. Ошондой эле Терек-Сай айылынын жашоочуларынын кайрылууларын мыйзамдын негизинде карап берүүгө убада берген.

Эске салсак, "Эти Бакыр Терексай" ишканасын кайтарып турган атайын даярдыктагы отряддын өкүлдөрү 5-ноябрда малын айдап келүүгө барган кишини сабап салганы айтылган. Ачууланган айылдыктар чогулуп барып жаңжал чыккан. Арадан 27 күн өткөндөн кийин милиция кызматкерлери окуяга катышкан 15 кишини кармап кеткен. Буга нааразы болгон ата-энелер жана балдардын айылдаштары аларды бошотууну талап кылып митингге чыккан.

Кармалгандарга карата Кылмыш-жаза кодексинин 234 ("Бейбаштык") жана 341-беренеси ("Бийлик өкүлдөрүнө күч колдонуу") боюнча иш козголгон. 4-декабрь күнү Жалал-Абад шаардык соту Терек-Сай айылынын алты тургунун эки айга, тогузун бир айга тергөө абагында кармоо чечимин чыгарган.

162
Белгилер:
министр, Кашкар Жунушалиев, Чаткал, Терек-Сай
Тема боюнча
Балдары кармалган чаткалдыктар бийликке 4 талап коюп кайра митингге чыгышты
Терек-Сайда кармалган 15 тургундун баш коргоо чарасы тандалды
Украина президенти Владимир Зеленский. Архивдик сүрөт

Зеленскийдин жыйында сүйлөп жатып катуу чыккан үндөн чочуп кеткен видеосу

51
Украина лидери муз аянтчанын маалымат борборунда машыктыруучулар, спортчулар жана чиновниктер менен жыйын куруп жаткан учурда катуу үн чыккан.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Украина президенти Владимир Зеленский Мариуполь шаарындагы Mariupol Ice Center муз аянтынын ачылыш салтанатында катуу чыккан үндөн чочуп кетти.

Окуянын видеосун "Страна.ua" Telegram-каналы жарыялады.

Окуя муз аянтчанын ачуу салтанаты бүткөндөн кийин болду. Расмий иш-чара аяктагандан соң "Мариуполь" менен "Сокол" (Киев) хоккей командаларынын беттеши башталган. Бул учурда украина лидери муз аянтынын маалымат борборунда машыктыруучулар, спортчулар жана чиновниктер менен жыйын куруп жаткан.

Видеодо көрүнүп тургандай, президент сүйлөп жатканда күтүүсүз жерден катуу үн чыккан. Зеленский чочуп кетип, кулагын жаап калганы көрүнүп турат. Ал учурда анын жанына дароо жан сакчы келе калган.

"Баары жайында, баары жайында", — деген Зеленский.

Президент андан ары тамашага салып жыйында жалаң баатыр жүрөктүү спортчулар отурганын айтып сөзүн улаган.

Зеленский трибунада сүйлөп жаткан Лукашенкону чочутту. Видео

Зеленский техникалык себептерден улам жолугушууну үн күчөткүчсүз эле улантууну сунуштаган.

51
Белгилер:
үн, Украина, Владимир Зеленский
Тема боюнча
Рада депутаты: Украинада Зеленскийди тактан кулатууга даярдык жүрүп жатат
Жооп берип каласыз! Кадыров Зеленскийдин кечирим суроосун талап кылды
Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлери

ИИМ БШКны кандай негизде тинтип, текшерип жатканын түшүндүрүп берди

42
(жаңыланган 16:53 24.10.2020)
ИИМ БШКнын шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү боюнча учурдагы ишмердүүлүгүнө кийлигишпей турганын жана ага укугу жок экенин эскертти.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясынын бардык документтерин алууга уруксат берген Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун токтому бар. Азыркы учурда документ күчүнө кирип, аны аткаруу милдети ИИМге жүктөлгөн. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги БШКны эмненин негизинде тинтүүгө алганын түшүндүрүп жатып айтты.

Эскерте кетсек, түшкө маал БШК имараты тинтүүгө алынып, документтер чогултулуп жатканы кабарланган. Буга комиссиянын кызматкерлери нааразычылыгын билдирген болчу.

БШК президенттик шайлоонун мөөнөтүн белгиледи

Билдирүүдө ИИМдин тергөө кызматы Жазык кодексинин 331-беренесинин ("Шалаакылык") негизинде сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп жатканы белгиленет. Министрликтин айтымында, материалды Башкы прокуратура 2020-жылдын 8-октябрында Кылмыш-жаза кодексинин бирдиктүү реестрине каттаган.

"Кыргызстандын "Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамында жарандар өздөрүнүн шайлоо укугун ишке ашырууга, мыйзамдардын талаптарын катуу сактоо менен шайлоого катышууга укуктуу экени жазылган. Бирок шайлоону даярдоодо жана өткөрүү учурунда бир топ мыйзам бузуулар аныкталган. Муну маалымат ресурстарындагы жаңылыктар, укук коргоо органдарынын бирдиктүү реестрине каттаган материалдар тастыктайт. Шайлоо мыйзамдарын бузуу массалык башаламандыкка алып келип, масштабдуу каршылык акциясы өткөн. ИИМ өз ишин мыйзамды сактоо менен өз ыйгарым укуктарынын чегинде гана иш алып барып жаткандыгын билдирет. Жогорудагы тергөө амалдары Жазык кодексинин жобосуна ылайык жүргүзүлүүдө. БШКнын бардык тиешелүү документтерин алууга уруксат берген Биринчи май райондук сотунун токтому бар. Азыркы учурда токтом күчүнө кирип, аны аткаруу милдети жүктөлгөн", — деп айтылат маалыматта.

Билдирүүдө жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүш аталган комиссиянын 5-октябрга чейинки ишмердүүлүгүнө байланыштуу экени кошумчаланды.

Мындан тышкары, ИИМ Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү боюнча учурдагы ишмердүүлүгүнө кийлигишпейт жана укугу жок экенин эскертти.

42
Белгилер:
акция, шайлоо, комиссия, Башкы прокуратура, мыйзам, ИИМ, БШК
Тема боюнча
БШК имараты тинтүүгө алынып, документтер чогултулуп жатат
Премьер-министр Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт

Садыр Жапаровдун биринчи кайсы өлкөгө иш сапар менен барары айтылды

0
(жаңыланган 17:19 24.10.2020)
ЖК төрагасы Канат Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тарткандан кийин бул кызматты премьер-министр болуп бекиген Садыр Жапаров аркалап калган.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров чет өлкөгө болгон алгачкы сапарын Россияга жасайт. Бул тууралуу тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдиргенин Sputnik радиосу жазды.

"Биз чет өлкөгө чыгуу маселесин көп талкуулайбыз. Айрым мамлекеттерден чакыруу түштү. Бирок биз үчүн, албетте, Россия артыкчылыктуу мамлекет болуп саналат", — деди Казакбаев.

Министр бул тема Россия ТИМ башчысы Сергей Лавров, ошондой эле РФ президентинин администрациясы менен талкууланганын кошумчалаган.

Казакбаев: Россия Кыргызстандын союздашы болуп келген жана боло берет

Эскерте кетсек, Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон элдин талабынан улам отставкага кеткенин Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында билдирген. ЖК төрагасы Канат Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тарткандан кийин бул кызматты премьер-министр болуп бекиген Садыр Жапаров аркалап калган.

0
Белгилер:
чет өлкө, иш сапар, Россия, Руслан Казакбаев, Садыр Жапаров
Тема боюнча
Садыр Жапаров эки шайлоо тең март айына чейин бүтүп каларын айтты
Садыр Жапаров: "Манас" аэропортунун жаңы жетекчиси кызматынан кетмей болду