ТУМУда окуган кыргызстандык студент: Россияга баруу кооптуу деп айтышчу

© Фото / ЮУрГУ / Виктория МатвейчукСтудент Южно-Уральского университета Нурсултан Озбеков
Студент Южно-Уральского университета Нурсултан Озбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түштүк Урал мамлекеттик университети (ТУМУ) Россиянын европалык жана азиялык бөлүктөрүнүн чек арасындагы Челябинск шаарында. Ыңгайлуу жайгашкан жери, билим берүүнүн жакшы адаттары бүгүн университетке 52 мамлекеттен чет элдик, анын ичинде КМШ өлкөлөрүнөн эле 400гө чукул студентти топтоду.

Даярдыктын кайсы багыттары Кыргызстандан келген студенттер арасында өзгөчө кызыгуу жаратат? Чет элдик студенттер россиялык университетте бири-бири менен кандай байланышта? Булар туурасында Sputnik агенттигинин кабарчысына ТУМУнун Чет элдик студенттер биримдигинин президентинин орун басары, аталган окуу жайдын Так жана техникалык илимдер институтунун "Экология жана экологиялык менеджмент" багыты боюнча магистратурасынын студенти Нурсултан Өзбеков айтып берди.

— Нурсултан, ТУМУ студенттеринин арасында Кыргызстан жана КМШнын башка өлкөлөрүнөн келген жаштар көппү?

— Кыргызстандан быйыл ТУМУга 43 абитуриент келген, алар негизинен "Машина куруу", "Металлургия" жана башка багыттарда билим алышат. Мурда биздин өлкөдөн мындай жапырт агым болгон эмес, былтыр алты гана киши келген. 

© Фото / ЮУрГУ / Виктория МатвейчукНурсултан Өзбеков — ТУМУнун Чет элдик студенттер биримдигинин президентинин орун басары, аталган окуу жайдын Так жана техникалык илимдер институтунун "Экология жана экологиялык менеджмент" багыты боюнча магистратурасынын студенти
Студент Южно-Уральского университета Нурсултан Озбеков - Sputnik Кыргызстан
Нурсултан Өзбеков — ТУМУнун Чет элдик студенттер биримдигинин президентинин орун басары, аталган окуу жайдын Так жана техникалык илимдер институтунун "Экология жана экологиялык менеджмент" багыты боюнча магистратурасынын студенти

— Эмнеге алар Россияда билим алууну тандашууда?

— Кыргыз мамлекеттик агрардык университетин (КУАУ) аяктаган соң ТУМУнун магистратурасына тапшырганымда ушул суроону мага да көп узатышкан. Өзүмө Челябинск да, университеттин өзү да, студенттик шаарча да аябай жагат. Кыргызстандан келген ТУМУнун студенттеринин ага куратору катары башка балдар үчүн да бул нерселер зор мааниге ээ болгонун так билем.

Чет элдиктердин көбү бакалавриатка, азыраагы магистратурага тапшырат, ал эми аспиранттар өтө көп эмес. Бакалавриатты аяктаган соң студенттер ТУМУнун магистратурасында окууну улантат. Андан соң айрымдары аспирантурада, бирок көпчүлүгү өз өлкөсүнө кайтышат.

Город Санкт-Петербург - Sputnik Кыргызстан
Россиянын кайсы университетине чет элдик студенттер артыкчылык берери айтылды
Чет элдик студенттер баарынан да окуудан тышкаркы ишмердикти жактырышат. Быйылкы окуу жылы башталгандан бери эле биз чет элдик студенттер үчүн көптөгөн кызык иш-чараларды, спорттук мелдештерди, Жаш лидерлер мектебин уюштурдук.

Студенттер футбол, бадминтон ойношот, спорттун эл аралык фестивалына, араб жана евразиялык маданият күндөрүн, шриланкалык жана кытай Жаңы жылын белгилөөгө катышат.

Быйыл ТУМУга тапшырган студенттердин баары активдүү балдар. Алар волейбол, футбол ойнойт, шаардык жана облустук иш-чараларга катышкан өздөрүнүн бий тобун түптөшкөн.

Ар кыл өлкөлөрдөн келген чет элдик студенттер бири-бири менен баарлашып, бөлөк улуттардын маданиятын көбүрөөк таанышат. ТУМУда чет элдик студенттер менен иш алып баруу жакшы өрчүгөн. Менимче бул жаатта биздин окуу жай алдыда.

— Жогорку окуу жай үчүн чет элдик студенттердин тапшырышы эмне үчүн маанилүү?

— Жаңы деңгээлге чыгуу жана дүйнөгө "канатын" жаюу үчүн мунун мааниси чоң. Бул — башка өлкөлөр арасында россиялык маданиятты жайылтуу мүмкүнчүлүгү.

Мен бул нерсени 2014-жылдагы Сочидеги Олимпиада же 2018-жылдагы дүйнөлүк футбол чемпионаты менен салыштырар элем. Дүйнөлүк чемпионат башталганча чет элдиктерге Россияга баруу кооптуу деп айтышчу. Бирок күйөрмандар келип, бай жана меймандос өлкөнү таанып, алар Россия тууралуу уккандарынын көбү жаңылыш көндүм пикирлер экендигине өздөрү ынанышты. 

© Фото / ЮУрГУ / Виктория МатвейчукӨзбеков: Челябинск да, университеттин өзү да, студенттик шаарча да аябай жагат. Кыргызстандан келген ТУМУнун студенттеринин ага куратору катары башка балдар үчүн да бул нерселер зор мааниге ээ болгонун так билем.
Студент Южно-Уральского университета Нурсултан Озбеков - Sputnik Кыргызстан
Өзбеков: Челябинск да, университеттин өзү да, студенттик шаарча да аябай жагат. Кыргызстандан келген ТУМУнун студенттеринин ага куратору катары башка балдар үчүн да бул нерселер зор мааниге ээ болгонун так билем.

— Сиздердин биримдикке чет элдик студенттер көйгөй менен кайрылабы?

— Биздин ассоциация ТУМУдагы ар кыл өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен 2013-жылдан бери иштешет. Чет элдик студенттер менен социалдык медиада да байланыштабыз. Эгер жатакана боюнча көйгөй чыкса же шаарды таанууда бизге жардам сурап кайрылышат. Дайым көмөктөшүүгө кол сунган ыктыярчыларыбыз бар.

— Кыргызстанда мектепти же окуу жайды аяктаган жаштар ТУМУнун бакалавриат, магистратура же аспирантурасына өтүү үчүн эмне кылуусу зарыл?

Кыргызский национальный университет имени Баласагына КНУ - Sputnik Кыргызстан
Жылына 900 млн. сом тапкан Кыргызстандагы университеттер акчаны кайда жумшайт
— Бакалавриатка тапшыруу үчүн документ топтоп, кирүү экзамендерин тапшыруу керек. Кыргызстанда коомдук биримдик бар, ал быйылкы окуу жылына 40тан ашуун студенттер тобун түздү. Келерки жылдан тарта Билим берүү министрлиги бул ишти колго алат го.

ТУМУнун магистратура программасына өткөм. Мен аяктаган университет Шанхай кызматташтык уюмунун катышуучусу болгондуктан, ортодо келишим бар, ага ылайык жыл сайын бул жакка үч студент жиберилет. Зарыл документтерди чогултуу гана керек. Потенциалдуу катышуучулар сынактан өтөт.

Аспирантура боюнча айтсак, азырынча Кыргызстандан келип билимин уланткандар жок. 

© Фото / ЮУрГУ / Виктория МатвейчукСтудент: быйыл мен өзүм да окууну аяктайм, мекенге кайтканымда ыктыярчы элчи катары досторума жана тааныштарыма ТУМУга тапшырууну сунуштамакчымын.
Студент Южно-Уральского университета Нурсултан Озбеков - Sputnik Кыргызстан
Студент: быйыл мен өзүм да окууну аяктайм, мекенге кайтканымда ыктыярчы элчи катары досторума жана тааныштарыма ТУМУга тапшырууну сунуштамакчымын.

— 2019-жылы ТУМУга бюджеттик орундарга илинүүгө Кыргызстандагы абитуриенттер арасында атаандаштык курч болот деп ойлойсузбу?

— Менимче, ооба. Биздин студенттер кайда тапшырышканын, окуу жай көңүлүнө төп келгенин тааныштарына айтып беришет. Ушинтип чет элдик абитуриенттер арасында университетибиз кеңири таанылууда. Бул атаандаштыкты күчөтпөй койбойт.

— ТУМУну аяктаган соң сиздин мекендештериңиз кайда жана ким болуп иштешет? Бүтүрүүчүлөр менен байланышып турасыздарбы?

Фестиваль Хрустальный Томск - Sputnik Кыргызстан
Томск жашоочуларын таңгалдырган муз төө менен кыргыз улуттук кийимчен кыз. Сүрөттөр
— Азырынча ТУМУну аяктаган кыргызстандыктар аз. Алардын көпчүлүгү билим берүү тармагында ийгиликтүү иштешүүдө. Маселен, ТУМУну бүтүргөн тааныштарымдын бири Билим берүү министрлигинде иштейт. ТУМУга бир жылдык студент алмашуу программасы боюнча келген башка бир таанышым азыр Улуттук коопсуздук кызматында.

Чет элдик студенттер биримдиги азырынча ТУМУнун бүтүрүүчүлөрү менен иш алпара элек, бирок биз чет элдик студенттерден турган бүтүрүүчүлөр биримдигин да түзүүнү пландоодобуз. Алар университетибиздин "ыктыярдуу элчилери" болушат. Быйыл мен өзүм да окууну аяктайм, мекенге кайтканымда ыктыярчы элчи катары досторума жана тааныштарыма ТУМУга тапшырууну сунуштамакчымын.

Жаңылыктар түрмөгү
0