50 жаштан ашкан кыргызстандыктарга интернетти колдонууну үйрөтүшөт

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүПервая республиканская IT- Олимпиада третьего возраста в Казани
Первая республиканская IT- Олимпиада третьего возраста в Казани - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Демилгени "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондусу баштап жатат.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Кыргызстанда 50 жаштан улуу курактагы адамдарды санариптик мобилдүү технологияларды пайдалануу жөндөмдөрүн калыптандыруу үчүн атайын окуулар башталат. Бул туурасында "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондусунан кабарлашты.

Маалыматта учурда жаштар интернетти жигердүү пайдаланып, тез эле өздөштүрүп алганы менен орто жана улуу муундун бардыгы толук көнүп кете электиги айтылат.

"Демилгенин максаты — "50 +" курактык категориядагы адамдарды смартфондор менен иштөөгө, дүйнөлүк тармакты өздөштүрүүгө, интернетте баарлашууну үйрөтүү. Ошондой эле коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай эмес төлөм жүргүзүү үчүн мобилдик түзүлүштөрдү пайдаланууга жана башка операцияларды жүргүзүүгө үйрөтүү", — делет билдирүүдө.

Аталган фонд билим берүү, агартуучулук жаатында бир катар долбоорлорду алып барып келет. Алардын бири — "Жайлоо бала бакчалары" долбоору.

Жаңылыктар түрмөгү
0