Өкмөт: кытайлыктар быйыл Кыргызстанга былтыркыга караганда аз келди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевОткрытие Араванского цементного завода в Ошской области
Открытие Араванского цементного завода в Ошской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин социалдык тармакта жана айрым ЖМКларда өлкө аймагындагы Кытайдан келгендер тууралуу маалыматтар чыккан.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Өкмөт Кыргызстандын аймагында жүргөн Кытай жарандары тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, 2018-жылы коңшу өлкөдөн 35 215 киши кирсе, 34 436 адам кайра чыгып кеткен.

Ал эми Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча КР визасын 21 017 кытай жараны алган, мунун 14 492си — электрондук виза. 2017-жылы 12 310 виза алынган (анын ичинде 1013 электрондук виза), ошону менен бирге көп жолку виза алгандар Кыргызстандын аймагына жыл ичинде бир канча ирет келип-кетишкен.

Кыргыз Респуликасынын жарандык паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
КР жарандары канча өлкөгө визасыз бара алат? Паспорт рейтинги
Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча убактылуу жашаганга уруксатты 11 966 (2017-жылы 18 312) кытай жараны алып, алардын ичинен 9 498 (2017-жылы 11 593) кытай жараны Кыргызстандын аймагында убактылуу иштегенге уруксат алган. Бул документти чет элдиктер Мамлекеттик миграция кызматынан жыл сайын кайрадан алып турууга милдеттүү.

Мындан тышкары, 2010-2018-жылдары бардыгы болуп Кыргызстандын 60 жараны кытай жарандары менен расмий үй-бүлө куруп, никелешүү тууралуу күбөлүк алган.

2010-2018-жылдарда жалпысынын 268 кытайлык Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган. Алардын ичинде 171и — кыргыз, 72си — уйгур, 9у — өзбек, 6сы — кытай, 9у — дунган жана бир киши казак улутунда.

Өкмөт туура эмес маалымат камтыган чакырыктар кыргыз-кытай эки тараптуу стратегиялык кызматташтыгына оор залакасын тийгизе турганын эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0