БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин "Санариптик өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" чечимине кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Чечимдин долбоору 2018-жылдын 14-декабрында Жээнбековдун төрагалыгы алдында өткөрүлгөн Коопсуздук кеңештин жыйынында кабыл алынган.
Чечимдердин тизмеси:
"Санарип Кыргызстан — 2019-2023" Санариптик трансформациянын концепциясы (мындан ары — Концепция) жактырылсын.
Жогорку Кеңешке жана өкмөткө сунуш кылынсын:
— Концепцияны ишке ашырууга багытталган ченемдик укуктук актылардын тиешелүү долбоорлорун өз учурунда иштеп чыгуу максатында атайын парламенттик-өкмөттүк комиссия түзүү тууралуу маселени карап чыксын.
Өкмөткө төмөнкүлөр сунушталсын:
— "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу калкка санариптик мамлекеттик кызмат көрсөтүү жол-жобосун автоматташтырууга жана жөнөкөйлөтүүгө багытталган автоматташтырылган мамлекеттик маалыматтык системаларды түзүүнү жана башка иш-аракеттерди аягына чыгаруу боюнча;
— 2019-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө мамлекеттик органдарды, анын ичинде Транспорт жана жолдор министрлигин — 2019-жылдын 15-январына чейинки мөөнөттө, Саламаттык сактоо министрлигин — 2019-жылдын 31-мартына чейинки мөөнөттө "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасына кошуу менен байланышкан технологиялык процесстерди аягына чыгаруу боюнча;
— Концепцияны ишке ашыруу процессин финансылык жана уюштуруучулук жактан камсыз кылуу боюнча;
— Маалыматтык-коммуникациялык технологияларды иштеп чыгуу менен алектенген мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин адистери үчүн эң аз эмгек акыны жеке IT-компаниялар деңгээлинде белгилөө жана ушул адистерге эмгек акы төлөө фондун түзүү боюнча;
— IT-технологиялар чөйрөсүндө квалификациялуу адистерди даярдоо боюнча.
2019-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө "Электрондук өз ара аракеттенүү борбору" мамлекеттик ишканасына электрондук башкарууну киргизүү процессин техникалык координациялоону жана ишке ашырууну камсыз кылуу тапшырылсын;
2019-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө төмөнкү маселелерди ишке ашыруу боюнча ыкмаларды жана көз караштарды аныктоочу Кыргызстандын киберкоопсуздук стратегиясын жеткире иштеп чыксын жана кабыл алсын:
— банктык, телекоммуникациялык жана башка сервистик инфраструктуранын киберкоопсуздугун камсыз кылуу үчүн компьютердик чыр-чатактарга чара көрүү топтору, киберкоркунучтарга мониторинг жүргүзүү жана чара көрүү борборлору сыяктуу өз ара так чектелген уюштуруучу түзүмдөрдү түзүү;
— компьютердик кылмыштарга каршы аракеттенүү үчүн укуктук жана усулдук негиздерди түзүү;
— криптографиялык коргоо системасын кошо алганда, маалыматты коргоонун улуттук системасын түзүү;
— Кыргызстандын купуя маалыматтык инфраструктурасынын коопсуздугун, мамлекеттик түзүмдөрдүн жана мамлекеттик эмес сектордун уюмдарынын киберкоопсуздугун камсыз кылуу системасын түзүү;
— техникалык стандартташтыруу жана киберкоопсуздукту камсыз кылуу жаатында эл аралык кызматташтыкты түзүү;
— киберкоопсуздукту камсыз кылуу жаатында адамдык потенциалды өстүрүү жана бекемдөө;
2019-жылдын 15-февралына чейинки мөөнөттө Концепцияны ишке ашыруу боюнча Жол картасынын долбоорун бекитүү жөнүндө чечимди кабыл алсын. Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Концепцияны ишке ашыруу боюнча Жол картасын аткаруу үчүн жооптуу болуп аныкталсын.
— квартал сайын премьер-министрдин төрагалыгы астында Концепцияны ишке ашыруу боюнча Жол картасын аткаруунун жүрүшү жөнүндө кеңешме өткөрүлсүн.
— 2019-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө өкмөттүн аппаратына караштуу Концепцияны ишке ашыруу процессин тескөө боюнча борбор түзүлсүн;
Кыргыз Республикасынын бардык кызыкдар болгон мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенип:
— Концепцияны ишке ашырууну камсыз кылууга багытталган тиешелүү чараларды көрсүн;
— Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчылыгына Концепцияны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты квартал сайын, отчёттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейин берип турсун.
— Билим берүү жана илим министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги кызыкдар болгон мамлекеттик органдар менен биргеликте "Мектеп медицинасы — IT-бейтапкана" жана "Акылдуу мектеп" долбоорлорун 2019-жылдын 1-июлунан тартып колдонууга киргизүү боюнча чараларды көрсүн.
Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы:
— 2018-жылдын 20-декабрына чейинки мөөнөттө Коопсуздук кеңешинин катчылыгына караштуу Концепцияны ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча жумушчу топту түзүү жөнүндө президенттин буйругунун долбоорун иштеп чыксын жана киргизсин;
— 2019-жылдын 20-январына чейинки мөөнөттө Коопсуздук кеңешинин Концепцияны ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча жумушчу тобу менен биргеликте "Санарип Кыргызстан — 2019-2023" Санариптик трансформациянын концепциясын ишке ашыруу боюнча Жол картасынын долбоорун иштеп чыксын жана өкмөткө жөнөтсүн;
— Концепцияны аткаруунун мониторингин аны ишке ашыруу процессине баа берүү менен туруктуу негизде жүргүзсүн;
Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Коопсуздук кеңешинин катчылыгына жүктөлдү.