Россиялык космонавт Хан-Теңирдин космостон көрүнүшүн тартып алды. Сүрөт

© Фото / Геннадий ЗакировПятнадцать фото Кыргызстана, которые могут вдохновить вас на путешествие
Пятнадцать фото Кыргызстана, которые могут вдохновить вас на путешествие - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сүрөттү социалдык тармакка чыгарган.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Белгилүү россиялык космонавт Сергей Рязанский Кыргызстандын бийик тоолорунун бири болгон Хан-Теңир чокусунун сүрөтүн жарыялады.

Сүрөттү социалдык тармакка жүктөп, автор Хан-Теңирдин мааниси тууралуу да жазган. Ажайып ирмем космос станциясында кадимки камеранын жардамы менен тартылган. 

Эл аралык космостук станциясынын бортунан көрүнгөн жылдыздар - Sputnik Кыргызстан
Космонавттар эмнеге күбө болушат? Космостон тартылган 11 сүрөт
​Сергей Рязанский — россиялык космонавт, Россиянын баатыры наамына ээ. 28-июлдан бери эл аралык космостук станцияда. Социалдык тармактагы баракчаларына Жер орбитасынан тартылган уникалдуу сүрөттөрдү жарыялап турат.

Хан-Теңир Ысык-Көлдөн түштүктү көздөй кеткен тарапта, Казакстан жана Кытай менен чектешкен аймакта жайгашкан. Бийиктиги 7010 метр. Борбордук Азиядагы бийиктиги 7000 метрден ашкан беш чокунун бири.

Буга чейин Рязанский Ысык-Көлдүн космостон көрүнүшүн тартып алып суктанткан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0